Menu

Эдил Байсалов: “Алмаз Атамбаев Москвадагы партиялык конференцияны шылтоо кылып, Кыргызстандан качып кетет”

Бөлүшүү:

Бүгүн КСДПнын басма сөз кызматы күтүлбөгөн жерден Атамбаевдин Москвага сапары тууралу маалымат таратып, ал бүгүн, 22-октябрда Москвага учары, эртең жана бүрсүгүнү, 23-24-октябрларда Санкт-Петербургда жеңеси Елена Шаршенованын тазиясына катышарын, андан Москвага кайтып, 24-27-октябрларда Азия саясый партияларынын конференециясынын Х генералдык ассамблеясына катышып, 28-октябрда Бишкекке кайтып келерин жар салды.

Бирок буга көпчүлүк ишене бербей, өзүнүн оң колу Икрамжан Илмиянов камалгандан кийин Атамбаев качып кетип, Кыргызстанга келбей коёт, ошондуктан Атамбаевди Москвага учурбай кармап калыш керек деген чакырыктар менен чыгышты.

“Атамбаев мурун эч качан, эч качан эл аралык партиялык конференцияларга катышкан эмес, Москвадагыдан да бийик статустагы жыйындарга КСДПнын атынан барбаган. Мындай, Москвадагыдай, үчүнчү катардагы партиялык конференцияга катышам дегени – бул Кыргызстандан качып кетүү үчүн шылтоо тапканы…  Ал эми жеңеси Елена Шаршенова менен Атамбаевдин агасы мындан 30 жыл мурун эле ажырашып кетишкен. Андан кийин катышы болгон эмес. Жеңеси ошондон бери Санкт-Петербургда жашап калган. Эч кандай жакын жана туугандык мамиле сакталбаган. Агасы болсо Өзбекстанда жашап жүрүп, көзү өтөрүнө жакын калганда гана Кыргызстанга келген”, – деп жазды коомдук ишмер Эдил Байсалов.

Эдил Байсаловдой “Атамбаев Москваны шылтоо кылып, Кыргызстандан качып качып кетет” дегендер социалдык түйүндөрдө көпчүлүк болду.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: