Бүгүн, 22-октябрда Москвага учуп бараткан учактын бортунда эзелки душмандар, экс-президент Алмаз Атамбаев менен экс-мэр Нариман Түлеев жолугушуп калышкан. Борттун бизнес-клаастагы салонунда жансакчысы менен олтурган Алмаз Атамбаевдин сүрөтүн телефонуна тартып, социалдык түйүндөрдө жарыялаган Түлеев төмөнкүдөй жек көрүү сөздөрү менен коштоду:
“Шоопурдун камалышынан кийин бул өлкөдөн качууну чечсе керек. Мунун дарегине учактагы көп адамдар жаман сөздөрдү айтып, тилдеп жатканына карабай, ал укмаксан болуп жатат. Мен дагы ага өзүмдүн мамилемди билдиргим келип, айрыкча ал өлкөнү кандай мышык ыйлагыдай абалга жеткиргенин айтууга аракет кылдым, бирок ал укмаксан, көрмөксөн болуп жатат”, – деп жазды ушунчалык бир жек көрүү сезимдерин билдирип, Нариман Түлеев.
Булак: Кyrgyztoday.кg
Фото Нариман Түлеевдики
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ