Menu

Нариман Түлеев учакка киргенде Атамбаевге ызырынып жатса, Москвада, учактан чыгаарда Атамбаев менен сельфи жасап, бактылуу болуп чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн Москвага учуп баратып бир учакка туш болушкан экс-президент Алмаз Атамбаев менен экс-мэр Нариман Түлеев алгач бири-бирине ушунчалык бир жек көрүү сезимдери менен ызырынып жатышса, учак жерден көтөрүлгөндөн кийин чоогу олтуруп алышып, 4 саат эзиле сүйлөшүп барышканы белгилүү болду. Акырында Нариман Түлеевдин демилгеси менен экөөсү сүрөткө түшүп, сельфисин Түлеев интернетке жарыялады. Анда эки эрен тең аябай бактылуу экени көрүнүп турат. Баса, учактан чыгарда Нариман Түлеев “сумкаңызды мен көтөрүп алайын” деп Алмаз Атамбаевге кайрылганы элди уу-дууга түшүрүп жатат.

Нариман Түлеевди 2012-жылы Атамбаев камакка алдырып, атасы Ташполот Түлеевдин бу дүйнөдөн эртерээк кетишине чоң салым кошкону элдин эсинде.

Ошондуктан Нариман Түлеев Атамбаевдин бийликке таасири кеткенден кийин гезиттерге интервью берип, Атамбаевдин дарегине оозго алгыс сөздөрдү айтып, “мен Атамбаев менен жарашмак тургай туалетке да бирге барбайм” деп жарыя кылган.

Анан “Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековго каршы элди көтөрсө мен өзүм автомат менен чыгып, президентти коргойм!” деп билдирген.  Ыраматылык Ташполот аба азыр жаткан жеринен туруп келсе кимисинин бетине түкүрөт эле?

Үстүбүздөгү жылдын апрелинен бери Нариман Түлеев президент Сооронбай Жээнбековго жолугууга үч жолу аракет кылып, ортого киши салып, бирок, президенттин убактысы болбой жолуга алышкан эмес.

Ошондуктан Түлеев бүгүнкү Атамбаев менен 4 сааттык эзилишүүдөн кийин кыязы Жээнбеков тараптан Атамбаев тарапка оогон окшойт.

Баса, быйыл эле укук коргоочу Чолпон Жакупованын апасынын тазиясында “мени ак жеримен каматкансыңар!” деп Атамбаевдин аппарат башчысы Данияр Нарымбаевге октой окторулуп тийип, муштум салган Нариман Түлеев бу жолу учакта Атамбаевге тиш сала албаптыр. Тескерисинче өзү билдиргендей 4 саат эзилишип сүйлөшүп барышыптыр.

Бүгүн телефон аркылуу ММКларга Москвадан кыскача комментарий берген Нариман Түлеев “Атамбаев Бишкекке кайтып келет!” деп кошумчалаган.

Ал эми Атамбаев 28-октябрда Кыргызстанга кайтып келери менен оппозициялык көз караштагы саясатчылар менен жолугуп, активдүү консультацияларды баштоону бир нече саясатчыга убада кылган.

Ошондой эле бүгүн социалдык түйүндөрдө Садыр Жапаровдун тарапкерлери да биз Атамбаев тарапка ооп жатабыз деп сигнал беришип, “Садыр Жапаров менен Алмаз Атамбаев бийликке каршы биригишти!” деген чакырыктарды таркатып жатышты. Эски, кыйын карышкырлардын айрымдары Атамбаев тарапка ооп жатышы жакшы жышаан эмес. Бизге жакынкы тарых сабак болбойбу?

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: