Бишкекте шаар тургунунан акча талап кылган журналисттер кармалды. Бул тууралуу журналист Тынчтык Алтымышев фейсбуктагы баракчасына жазды.
Укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыздын маалыматында NazarNews.kg сайтынын журналисттеринин үстүнөн арыз түшкөн.
«Бишкекте биринчи кар жааган күнү спирт ичимдигин ичип, социалдык түйүндөгү баракчасына жүктөгөн кыздар арыз менен кайрылган. Алардын арызында аталган сайтта иштеген журналисттер сайтка жайгаштырылган маалыматты өчүрүп салуу үчүн акча талап кылышкан. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 170-беренеси «Акча талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон. Ал эми сайттын 2 кабарчысы шаардан чыкпоо чечими менен коё берилген» – деп билдирди өздүк булактар.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми сайттын жетекчиси суракка келе элек.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ