Кыргызстандык спортчу Мурат Баймулдинов самбо боюнча спорт чеберлеринин арасында өткөрүлгөн дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган спорт түрү боюнча федерациясынан бүгүн, 23-октябрда маалымдашты.
Чемпионат Марокконун Касабланка шаарында өткөн. Медалдар жети жаш категориясында, 35-39 жаштан баштап, 65 жана жогору жашка чейинки спортчулар арасында ойнотулган.
Мурат Баймулдинов 50-54 жаштагы спортсмендер арасында 74 килограмм салмакта ат салышкан, жана Украиналык Александр Куспышга гана жеңилген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ