Menu

“Форумда” жападан жалгыз “Димон” эле калдыбы?

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрдөгү саясий маанайдагы жаңылыктар элдин бүйүрүн кызытууда. Кайсы жактан кандай шамал согот экен деп элдин баары кулактарын түрө ынтызарлык менен күтүүдө. Икрам Илмияновдун кармалышы дагы саясатка боёк берип, эми жыйынтыгы кызыкты туудуруп жатат. Демейде киши үзүлбөгөн “Форумда” “Димондон” бөлөк киши калбай калды деген кептер ары-бери жүрүүдө. Ага жөлөк болуп Кундуз Жолдубаеванын карааны да байкалууда дешет. Журналист, «Апрель» телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложников экс-президент Атамбаевдин укуктук жана саясий абалына катуу жан-үрөп, таламын талашып, ага каршы сүйлөгөн кишиге экстин ак экендигин далилдөө менен убара. Бакыйган телеканалдын директору болуп жөндөн-жөн келбегенин качан түшүнөт болду экен.

Кызыгы интернеттеги соцтармактарынын биринде ал мындай билдирүү калтырган: «— Ехал сегодня в такси. В Форум. Водитель разумеется задал этот привычный, задолбавший меня вопрос. Я ему честно ответил, всё как есть. Потом водитель начал беспощадно ругать Атамбаева. За то что ничего не сделано было. Спросил его, как водителя, насчет новых дорог в Бишкеке. Водитель сказал что все дороги были сделаны при новом президенте Жээнбекове.

Объяснил ему как было на самом деле.

Потом он сам, – я не тянул за язык, спросил за Икрама. И сказал, что Икрам его односельчанин. И что если бы Икрам пришел к нему домой за помощью – он бы ему дал убежище, потому что Икрам очень многое сделал для Баткенской области.

Я не стал ничего говорить. К этому моменту мы уже подъехали к Форуму. Расплатился и вышел. Водитель предложил бесплатно покататься по городу и поговорить. Мне было некогда.”

Эх! Дмитрий, Дмитрий…

Ким ак, ким ак эмес экендигин албетте сот аныктайт эмеспи. Бирок башкасынан да «Шоопурду» коргоордо алды-артыңды бир карап койсоң болмок экен…

Булак: «Мантыш»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: