Menu

Эми кыргыздын комузун шылдыңдаганга өттү

Бөлүшүү:

Кыргыздар айкөлдүгүнөнбү же шалаакылыгынанбы, айтор атадан калган улуу мурастарды шылдыңдатып, тебелетип-тепсетип келе жатат. Айтсак, буга чейин түрк улутундагы адамдар иштеткен соода комплекси калпакты итке кийгизсе, андан мурдараак кыргыздын сыймыгы болгон Манас бабабыздын жана анын урпактары Семетей менен Сейтектин ысымын ичимдиктерге басып чыгарган. Атургай кээ бир атактуу «маңкурттар» Манасты “аферист» дегенге чейин барды. Тилекке каршы, кыргыз баалуулугу тепселип жатканына жалпы коомчулук кайдыгер карап, чара көрбөй келди. Кыргыздардын козголбой турганын илген «Тюбетейка» рестораны ата-мурасыбызды тебелеген жылма саясатты улантууга киришкени өлбөгөн төрт гана шыйрагыбызды калтырды. Алар элибизди бүткүл дүйнөгө тааныткан комуздан тарелка жасап, идиш катары колдонуп баштаптыр. Мындай шылдыңга териси калың кыргыз гана чыдабаса, көкүрөгүндө кыпындай намысы бар эл эгерим көтөрбөйт.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: