Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында отурган депутат Осмонбек Артыкбаев өзүн жаман сезгендиктен ага “Тез жардам” кызматы чакыртылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
“Артыкбаев өзүн жаман сезгендиктен “Тез жардам” кызматы чакыртылып, ага жеринде жардам көрсөтүлдү. Азыр жанында дарыгерлер бар, абалы туруктуу”,- деди басма сөз кызматы.
Артыкбаев “ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы жемкорлук боюнча ак жеринен айыпталып, 5- июндан бери УКМКнын абагында камакта.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ