Menu

Балдарынын бирөө түрмөдө отурса “баатыр эне” наамын бергенге болобу?

Бөлүшүү:

Бул демилге тууралуу депуттардын ойлору эки ажырым болду. «Баатыр эне» наамын 7 бала төрөгөн бардык аялдарга бериш керек, алардын тагдырлары кандай болгондугуна карабоо керек. Мындай пикирин экс-депутат Жылдызкан Жолдошева билдирди.

—Табият аял затына ушундай кыйын милдетти тапшырыптыр – төрөгөндү, – дейт ал. – Биз балдарды төрөп, тарбия беребиз, бирок тилекке каршы айлана чөйрөнүн таасири өз билгенин кылат экен. Бала кандай чөйрөгө туш болот, тагдыры кандай болоору белгисиз. Апасы муну колу менен жасап ала албайт. Муну кудай гана кылат. Бирок ар бир эле ата-эне балам жакшы болсун дейт. Анткени менен турмуш деген турмуш да. Ар кандай болот.

Мурда көп балалууларга үй беришчү, жөлөк пулдар болот эле, – деп эскерет ал. – Азыр эч кандай жардам жок. Өкмөт биздин энелерге эч нерсе бере албайт. Бир гана медаль берип коюшу мүмкүн. Өз кезегинде көз карандысыз эксперт, профессор Айнура Арзыматованын көз карашы башкача.

—Балдарды төрөп эле коюу жетишсиз, аларга тарбия бериш керек, билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү керек, – дейт эл өкүлү. – Ал эми бардык жети баласы тең түрмөдө болсо, ага да баатыр эне бериш керекпи? Төрөп туруп, таштап аткан энелер да бар. Алардын баатырдыгы кайсы? Биздин өлкөдө жети бала төрөө баатырдык деле эмес деп ойлойм. Ал эми наамды он баланы өстүрүп тарбиялаган энелерге берүү керек. Түшүндүрө кетели, депутат Кенжебек Бокоев пленардык жыйын да жети бала төрөгөн энелерге «Баатыр эне» наамын берүүнү сунуштады. Ал жетөөнүн ичинен бирөө түрмөдө отурса да берүү керек деди.

Белгилей кетели, азыркы мыйзам боюнча, «Баатыр эне» ордени менен Кыргыз Республикасынын жетиден ашык баланы төрөп, тиешелуү тарбия, билим берип, камсыз кылган аялдары сыйланат.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: