Menu

Тогуз-Тородо ашууда калып калган 8 чабан куткарылды

Бөлүшүү:

Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айылындагы “Алакан” жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 2200 баш кою менен ашууда калып калган 8 чабан куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Сары-Кыр ашуусуна барган куткаруучулар чабандарды тамак-аш менен камсыздап, кечээ 22-октябрь күнү аларды мал жаны менен ашуудан аман-эсен алып өтүштү. Куткарылган чабандар Сузак районунун Курманбек айылындагы Үрүм-Баш тилкесине жеткирилди”,- деп билдирди.

18-октябрь күнү ашуудагы чабандарды куткаруу үчүн Тогуз-Торо райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүнөн 3 куткаруучу, ӨКМнын Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы жана айыл аймагынан 3 кызматкер атайын унаалар менен жөнөтүлгөн.

Булак: Кyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: