Menu

Архитектура башкармалыгы мэриядан Курулуш мамагенттигине кайтарылды

Бөлүшүү:

«Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы  Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтарылып берилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдирди.

Тийиштүү чечимге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Учурда «Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын базасында түзүлгөн «Бишкек шаардык архитектура башкы башкармалыгы» МИ ишинде эки багыт: шаар аймагындагы архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдын аймактык түзүмү аткарчу саясат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары мэриянын жашылдандыруу, жана шаарды жасалгалоо боюнча түз функционалдык милдеттенмелери аралашып калган.

Мэрия шаардык көчөлөрдү, парктарды жана скверлерди жашылдандыруу, жасалгалоо боюнча долбоордук иштерди аткаруу үчүн, архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын катышуусуз, Бишкек шаарынын аймагындагы архитектуралык-шаар куруу ишмердүүлүгү жаатындагы бирдиктүү саясатты жүргүзүүчү муниципалдык долбоордук мастерскойду, же муниципалдык долбоордук институтту түзө алат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: