Нарын облусунда катталган жол кырсыгынан 1 адам каза болуп. 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Маалым болгондой, кырсык 19-октбярга караган түнү болжол менен саат 02:10 чамасында Куланак айылында катталган. Анда чыгыштан батышты көздөй бара жаткан “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай ала салып кеткен.
Унаада айдоочудан тышкары 4 жүргүнчү болгон. 1 жүргүнчү жаракат алган эмес, 3 жүргүнчү жаракат алып ооруканага жеткирилсе 30 жаштагы К.А кырсык болгон жерден каза болгон. Жабырлануучулар жана каза болгон адам Нарын облусунун тургундары болушкан. Экспертизанын жыйынтыгында аталган унаанын айдоочусу спирт ичимдигин ичкендиги аныкталган.
Учурда автоунаасы Нарын шаарындагы айып аянтчасына токтотулуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ