Menu

Ферганада кесиптешин өлтүрүүгө шектелген милиция кызматкери кармалды

Бөлүшүү:

19-октябрда жергиликтүү ички иштер органдарынын бөлүм башчысы Аброр Назаров Кокон шаарынын темир жол бекетинде кесиптеши тарабынан өлтүрүлгөн. Өз булактын маалыматына караганда, милиция кызматкерлеринин отурушу маалында ортодо уруш чыгып, ал бычакташуу менен аяктаган.

Фергананын укук коргоо органдарынан кабарлашкандай, милиция офицеринин өлүмү фактысы боюнча «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектелип эки киши кармалып, аларга карата камакка алуу бөгөт чарасы белгиленди. Бул маалыматты өлкөнүн Башкы прокуратурасы дагы ырастады.

Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын Д.К. аттуу кызматкери 19-октябрда кесиптеши Анвар Назаровду бычак менен курсакка сайып жиберген. Ал ошон эле күнү кармалып камакка алынган.

Маркум Анвар Назаровдун коңшуларынын биринин айтымында, ал кесиптештери менен көңүл ачып отурган маалда өлтүрүлгөн. Анын артында үч баласы калды.

Анвар Назаров ферганалык футбол күйөрмандарынын арасында «Абадон-футболист» деген каймана ат менен белгилүү болчу. Ички иштер органдарында ишмердүүлүгүн баштаганга чейин ал коканддык «Темиржолчу» футбол клубунда ойноп, кезинде шаардагы биринчи футболчу болуп эсептелген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: