Фергана облусунун Өзбекстан районунда жаңы цемент заводунун курулушу башталды. Анын долбоордук баасы 153 миллион доллардан ашык сумманы түзөт.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн өзбек-кытай биргелешкен ишканасы түзүлүп, курулуш үчүн акиташ менен чопонун запасы көп болгон Шурсув айылы тандалган.
Долбоорго ылайык, биргелешкен ишкана жылына 1 миллион тонна цемент жана 33 миллион чарчы метр гипсокартон өндүрөт. Мындан тышкары миңден ашык адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болот деп күтүлүүдө.
«Алдыда турак-жай жана жолдорду куруу тармагында көптөгөн долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатабыз. Бул үчүн Өзбекстанда мүмкүнчүлүктөр көп. Учурда биз башка аймактарда дагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыра баштадык. Ишкананын курулушу 2 жылга созулуп, ички базарды сапаттуу цемент жана гипсокартон менен камсыздоого мүмкүндүк ачат», — деди кытай компаниясынын башкы директору Ма Мин Лян.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ