Menu

“OpenDemocracy”: Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев кантип байыган?

Бөлүшүү:

Британиялык OpenDemocracy басылмасы “Биз Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарып турган кездеги элитанын арасындагы божомолдуу коррупция жөнүндө эмнени билебиз?” деген макала жазып чыккан, ал жерде басылма Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарып турганда кандай кадрдык саясат жүргүзгөнүн, жана божомол менен кандай коррупциялык иштерге тиешеси бар экендигин анализдеп чыккан.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын ноябрына чейин Алмазбек Атамбаев өлкөнүн эң бай президенти болуп саналган, бирок ушул күнгө чейин ал байлыктын булактары ачыкталган эмес.

Башкаруу мөөнөтү аяктаган соң Атамбаевдин ысымы көптөгөн кылмыш иштердин катышуучусу болуп чыга баштаган, анын ичинде муниципалдык мулктөрдү мыйзамсыз менчиктештирүүдөн баштап, инфраструктуралык долбоорлордон каражат урдоого чейин. Атамбаевди жана анын тарапташтарын мыйзамсыз ишмердүүлүккө, коррупцияга  айыптаган материалдар ММК булактарында пайда боло баштаган.

62 жаштагы Алмазбек Атамбаев көп жолу эл алдында өзүнүн байлыгы менен мактанып келген. 2016-жылы чет мамлекеттик элчилерге ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде Атамбаев анын саясий карьерасы ал миллиардер болгондон кийин башталганын айткан.

2017-жылдын февраль айында Орусия Президенти Владимир Путин менен жолугушууда ал өзү жөнүндө “Атамбаев эч качан уурдаган эмес! Атамбаев өз акчасын өзү тапкан! Атамбаев миллиардер болгон кезде азыркы миллионерлер бизнесин жаңы гана башташкан!” деп сөз кылган.

Анткени менен экс-президенттин декларацияланган кирешеси анча деле көп эмес.

2010-жылы ал Убактылуу Өкмөттүн премьер-министри болуп турганда 5949 доллар тапкан

2015-жылы, расмий маалыматтарга караганда Атамбаев 111 205 доллар таба алган, ал эми анын жубайы Раиса Атамбаеванын кирешеси 580 860 доллар түзгөн.

Ага карабастан, Атамбаевдердин үй бүлөсү ээлеген шумдук мүлккө караганда, Президенттик башкаруу учурунда Алмазбек Атамбаев тапкан каражаты аталган суммадан көп  экендигин, жана алардын көбү белгисиз булактардан түшкөнү көрүнүп турат.

Мындай объекттердин бири болуп Кой-Таштагы 2016-жылы салынган үч кабаттуу хан сарай саналат.

2018-жылдын март айында Атамбаев Президенттик резиденциянын аймагында аянты 300 чаарчы метрге жеткен вилла курган.

Эми, мурунку өлкө башчынын премьер-министри камалып, кеңешчиси кармалганда, Атамбаев “өлкөдөн сыртты карай качты” деген кептер айтылууда.

22-октябрда Алмазбек Атамбаев Москвадагы Азия саясий партияларынын Х башкы ассамблеясына катышуу үчүн учуп кеткен.

Кыргызчалаган:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: