Menu

Күзгү депрессиядан кантип кутулса болот?

Бөлүшүү:

Күн нурунун жай мезгилиндей жакшы тийбей азайышы, организмге керектүү энергияны мурдакыга караганда аз алып калгандыктан көңүл коштук, физикалык активдүүлүк азайып баштайт. Иммунитет түшүп, мурда козголбой жүргөн өнөкөт оорулар тынчыңызды алып баштайт. Маанайдын тез-тез өзгөрүп бирде түшүп, бирде көтөрүлүп турушу, такай уйкусураган абалда болсоңуз, өзүңүздү алсыз сезсеңиз же бир нерсе жасоого көңүл чаппаса анда сизде депрессия өз таасирин тийгизе баштаганы.

Мындай шартта депрессия менен күрөшүүн үн бир нече жолу бар. Алар:

—Толук кандуу уйку. Таттуу уйку кечки саат тогуздан түнкү он экиге чейин болот, бул убакта китеп окуп же сыналгынын маңдайында убакытты текке кетирбей эс алып алган оң. Жатаар алдында бир стакан жылуу сүткө бир чай кашык бал аралаштырып ичүү түн уйкуну бекемдейт.

—Мындай татаал мезгилде организмди диета менен куру кыйнабаңыз. Андан көрө маанайды көтөрүп кээде шоколад жесеңиз болот. Туура тамактанууга убакыт бөлүп, даамдуу тамак жасоо үчүн эринбеңиз.

—Бир күндө жок дегенде бир саат физикалык жактан кыймыл жасаганга убакыт табыңыз. Эртең менен көнүгүү жасоо ден соолукка кошкон өз салымыңыз болот.

—Адамдын маанайы айланадагы түркүн түстөргө да көз каранды. Ачык түстөгү кийимдерге, анын ичинен жылуу түс деп эсептелинген жашыл түстөгү буюмдарга басым жасаган жакшы.

Мындан сырткары айымдар өздөрүн ашканадан алаксыта алат. Кышкыга консерваларды жабуу менен көңүлүңүздү көтөрө алсаңыз болот. Анан да күндө иче турган чайга бир тилим лимон кошуп ичсеңиз пайда алып келет.

Булак: «Мантыш»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: