Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин рыноктун баасын алдын ала билүү, айыл чарба продукциясын сатуу боюнча жетишсиз жумушун сынга алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда өлкөнүн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Өлкөнүн айыл чарба тармагындагы абал, күзгү талаа жумуштарынын жүрүшү, айыл чарба продукциясын экспорттоо маселелери талкууланды.

Министр Нурбек Мурашев бул жылы айрым айыл чарба продукциясынын, тактап айтканда картошканын баасы былтыркыга караганда төмөн болуп, килограммы 5-7 сомдон сатылып жатканын  маалымдады. 2017-жылы картошканын баасы 8-10 сом болгон.

«Рыноктун анализи жүргүзүлгөн, жылына октябрь айында башка айларга караганда картошкага болгон баа төмөнүрөөк. Ноябрдын ортосунан баштап, баалар көтөрүлөт деп божомолдоп жатабыз. Учурда картошканы жана башка продукцияны экспорт кылуу боюнча Өзбекстан, Россия, Казакстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп билдирди Нурбек Мурашев.

Анын айтымында, 2017-жылы картошка 83 миң 200 гектарга айдалган, быйыл 84 миң 500 гектарга айдалды, түшүмдүн жалпы көлөмү 1,5 млн тоннаны түздү, ал эми ички керектөө болсо 800-900 тоннаны түзөт. 600 миң тонна картошка экспортко кетет. Бүгүнкү күндө толук көлөмдө төө буурчак жана пахта буласы экспорттолуп жатат.

Мамлекет башчысы рыноктун баасын алдын ала билүү, айыл чарба продукциясын сатуу боюнча жетишсиз жумушту сынга алды жана айыл чарба продукциясын экспорттоо кайра иштетүү менен биргеликте дыйкандардын эмгегин колдоого жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган эң маанилүү чаралардын бири экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн агрардык тармагынын продукциясын экспорт кылуу Айыл чарба министрлигинин ишмердигинин  артыкчылыктуу багыты болушу керектигин дагы бир жолу белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү жөнүндө Жарлыгынын алкагында айыл жергесинде кайра иштетүүчү ишканаларды куруу тармагына инвестицияларды тартуу — актуалдуу экенин эске салды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: