Menu

Фото – Украина менен Кыргызстандын балдар китепканаларынын Чынгыз Айтматовго арналган скайп-конференциясы болуп өттү

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында Украинанын Балдар үчүн улуттук китепканасынын имаратында Ч.Айтматовдун 90-жылдык мааракесине арналып уюштурулган, Украинанын Балдар үчүн улуттук китепканасынын жана К.Баялинов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын эл аралык скайп-конференциясы болуп өттү. Бул скайп-конференцияга Украинадагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов катышты. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Ж.Шарипов Украинанын Балдар үчүн улуттук китепканасына украин тилине жаңы которулган Ч.Айтматовдун чыгармаларынан турган (“Тоолор кулаганда”, “Чынгызхандын ак булуту”, “Уул менен көрүшүү”) китебин белек катары тартуулады.

Аталган скайп конференциясынын жүрүшүндө жаш өспүрүм балдар (4,5,6-класстардын окуучулары) Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуп, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрүн бир-бирине сунушташты. Ошондой эле, жаш балдардын ортосунда диалог түзүлүп, бир-бирине аларды кызыктырган Кыргызстан жана Украина жөнүндө суроолорду берип, кызыктуу сүйлөшүү жүргүзүштү.

Элчи Ж.Шарипов китепкананын башкы директору А.Гордиенко менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүп, анын алкагында мындан мурда Элчилик жана китепкана тарабынан жарыяланган, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрдүн мелдешин талкуулашты. Бул мелдештин жыйынтыктары жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи үстүбүздөгү жылдын 12-декабрына белгиленип, ага чейин тийиштүү жюри жеңүүчүлөрдү аныктай тургандыгы малкудашылды. А.Гордиенконун маалыматы боюнча мелдешке 4000 жакын жаш өспүрүмдөр катышууда.

Ошондой эле, бул жолугушууда Ч.Айтматовдун ысмын Киев шаарындагы аты жок гүл бакчалардын бирисине берүү тууралуу маселе да талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: