Menu

Нариман Түлеев: “Эгерде мен Атамбаев менен бир самолетто учаарымды билсем билетимди өткөрүп салмакмын, бирок билген жокмун да”

Бөлүшүү:

Достор! Мен селфи сүрөт боюнча көптөгөн негативдүү жана орой комментарийлерди көрүп жатам, жана бул негативдик маанайда жазылган сөздөр көптөгөн адамдык касиеттерге, биздин менталитетке, рухубузга туура келбейт деп жооп бергим келет.

Эгерде мен Атамбаев менен бир самолетто учаарымды билсем билетимди артка өткөрүп салмакмын, бирок ким билди?

Ата-бабаларыбыз жөн жерден “адам болуу аста-аста” деп айтышпаса керек. Чынын айтайын, башында мага чыр-чатак чыгарайын деген ой келди, анткени мен абдан импульсивдүү адаммын. Бирок мен ойлонуп, уялдым.

Биринчиден, Атамбаев менден улуу, жана улгайган адамга муштум менен чыгууга тарбияны унуткан кыргыз гана барат, акыркы күндө өлкөдө мындай көрүнүш көп болууда.

Экинчиден, мен дароо бул иштин кесепеттери жөнүндө ойлондум. Мени каттамдан алып салат деп корккон жокмун, коркпойм дагы. Мен эртең дүйнө жүзүнүн ММКлары жаза турчу, биздин өлкөнү уят кылчу жаңылыктарды элестеттим.

Элестетип көргүлө, мурунку мэр менен мурунку президенттин мушташынан учак токтотулуп, экөөнө кишен тагып учактан алып түшүп экспертизага алып кеткендиги жөнүндө дүйнө жүзү жазса биздин улут үчүн кандай уят болот эле? Мынча ачуулануу кайдан чыкты? Эмнеге? Качан биз, кыргыздар тынч жашайбыз, бири-бирин чукубай, айланайындар?

Биз мамилебизди адептүү адамдардай чечтик, бул биздин мекендештерибизди кубандырдыбы? Жок, баары урушту, мушташты күтүшкөн, биз кайда баратабыз деги? Алар өзү жана жанындагы адамдар жөнүндө ойлогон жок, а мен ойлодум.

Башкысы мен өз оюмду айттым, биз мамилебизди териштирдик, ал (А. Атамбаев- ред.) мен мыйзамсыз жана адилетсиз жазаланганымды түшүндү. Ал башка адамдарга ишенип, жаңылганын, ката кетиргенин мойнуна алды. Мен өзүм үчүн баарын билдим.

Мага кичине кезимден “жерде жатканды урба” деп тарбия беришкен. Ал өзү эле жыгылды. Мурдагы чөйрөсү жок, алсыз. Мен аны урушум керек беле? Мен аны сөз менен урдум. Мурун жазганымдай, анын башкаруу маалында өлкөдө эмне болгонун баарын айттым.

Коноорго жакын интернет иштеди. Баардыгы бизди урушат, мушташат деп күтүп жатканын мен дагы, ал дагы көрдүк. Биз бири бирибизди жаман көрсөк дагы, кечирбесек дагы адам экенибизди көрсөттүк. Биз коомдук адамдарбыз, биздин жүрүм-турумубуз аркылуу дүйнө жүзүндө биздин мекендештер тууралуу ойлошот.

Кооптонууларды жок кылуу максатында биз бирге сүрөткө түшүп, жарыяладык.

Нариман Түлеев

Кыргызчалаган KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: