Menu

Элвира Сурабалдиева, ЖК депутаты: Мамлекетти “кидать” этип кетишкен Игорь Гусаров, Данияр Усенов, Дмитрий Воробьевдер эч жаза алышкан эмес”

Бөлүшүү:

Бир нече адам банктан насыя алып, бирок ал каражатты кайра кайтарып берген эмес, анын айынан банк банкрот болгон, кылмышкерлер болсо эч кандай жазага тартылбай калган. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда депутат Элвира Сурабалдиева билдирген.

Анын айтымында, бул иш 90-жылдары болгон. Үч адам жылдык 5%  үстөк менен ар бири 500 миң доллардан насыя алышкан. Бул эң арзан насыя болгон. Анткени ал кезде бизнесмендер насыяны жылдык 30-40% үстөк менен гана ала алышчу. Насыяны мамлекеттин кепилдиги менен “Курулуш АКБ” банкынан алышкан дагы, кайра кайтарып беришкен эмес, натыйжасында банк банкрот болгон.

Элвира Сурабалдиева Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгуловго аталган адамдар ким экенин айтуусун сурады. Бирок Абдыгулов ал учурда студент болгонун, ал адамдар ким экенин билбесин айтты.

“Анда алар ким экенин мен өзүм айтам. Алар – Игорь Гусаров, Данияр Усенов жана Дмитрий Воробьев. Булар канча каражат менен операция жүргүзүшкөнүн расмий негизде жазуу түрүндө берүүңүздү өтүнөм.  Алар мамлекетти “кидать” этип кетип, эч кандай жаза алышкан жок. Банкты банкрот кылышты, ал эми жогору жактагылар аларды жашырып коюшту. Мамлекет кийин деле аларга лоялдуу мамиле кылып жүрдү. Мындай ысымдарды башкаларга сабак болуш үчүн аташыбыз керек”,- деп билдирди депутат Сурабалдиева.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: