Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-сентябрындагы буйругу менен түзүлгөн экспедиция тарабынан Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памир тоолорунда жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жүк жеткирилди.
Экспедициянын жүрүшүндө Памир кыргыздарына 20 тонна ун, 4 тонна кумшекер, 4 тонна макарон жана башка керектүү азык-түлүктөр, 20 метр куб жыгач, 120 даана темир меш, дары-дармектер жана медициналык буюмдар берилди.
Кичи жана Улуу Памирге аталган гуманитардык жүк 7 оор жүк ташуучу унаа менен жеткирилген. Болжол менен жүктүн салмагы 60 тоннаны түзөт.
Памирлик кыргыздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Экспедицияга жана жалпы кыргыз элине көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.
Экспедицияга Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, дарыгерлер жана “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын чыгармачыл тобу катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ