Menu

Кундуз Жолдубаева: Атамбаев Кыргызстанга сөзсүз кайтып келет

Бөлүшүү:

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан Бишкекке кайтып келе турганын билдирди. Ал “Атамбаев качып кетти” деген пикирлерди четке какты:

– “Келет же келбейт” деген талкууларга негиз жок. Алмазбек Атамбаевдин позициясын билесиңер. Ал Кыргызстандан эч кайда кетпейт. Кетүүгө эч кандай себеп да, негиз да жок. 28-октябрда Бишкекке кайтып келет.

Алмазбек Атамбаев Орусияга 22-октябрда кеткен. Анын алдында КСДП мурдагы президент 22-23-октябрда Санкт-Петербургда жеңесинин тажиясына барып, 24-27-октябрда Москвада өтө турган саясий партиялардын эл аралык жыйынына катыша турганын, мекенине жекшемби күнү кайтаарын маалымдаган.

Атамбаевдин Орусияга кетип баратканын аны менен бир учакка түшкөн Бишкектин мурдагы Нариман Түлеев социалдык тармактарга жарыялап, экөө чогуу түшкөн сүрөттөрдү да жайгаштырган.

Коомчулукта “экс-президент качып кетти” деген пикирлер күч алган.

20-октябрда “Шопур” деген каймана ат менен таанылган жана экс-президенттин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов “Алдамчылык” беренеси менен Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 28-ноябрга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, ал УКМКнын тергөө абагына камалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: