Menu

Sky News: журналист Хашоггинин дене бөлүктөрү табылды

Бөлүшүү:

Sky News телеканалы өз булактарына таянуу менен Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулунун үйүндөгү бакчадан саудиялык журналист Жамал Хашоггинин денесинин фрагменттери табылганын билдирди.

Sky журналисттин сөөгү бир нече бөлүккө ажыратылып, кебетеси бузулганын белгилеген.

Бул маалымат расмий түрдө тактала элек. Буга чейин түрк медиасы саясатчы Догу Перинчекке шилтеме жасоо менен журналисттин денесинин калдыктары консулдун резиденциясынын кудугунан табылганын кабарлаган. Бул маалымат дагы расмий түрдө тастыкталган эмес.

Сауд Арабиясы бийликти, өзгөчө мураскор ханзаада Мухаммедди кескин сындап келген белгилүү журналист 2-октябрда Стамбулдагы консулдукта өлтүрүлгөнүн ырастаган. Падышалык аскер кызматкерлерин жазалоону убада кылууда. Ошол эле маалда аны жок кылуу боюнча атайын операцияга буйрук берилгенин четке каккан.

Бирок Түркия президенти Режеп Эрдоган саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүрүү “күн мурунтан” пландалганын, саудиялык агенттер Түркияга журналист өлтүрүлгөндөн бир күн мурун келе башташканын жарыялады. Ал күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырып, бирок сауд бийлигин киши өлтүрүүгө түздөн-түз айыптаган жок.

Батыш өлкөлөрү Эр-Рияддын түшүндүрмөсүнө карабай, журналисттин өлтүрүлүшүн кылдат иликтөөнү талап кылууда. АКШда Сауд Арабия менен өнөктөштүктү кайра карап чыгуу чакырыктары жаңырууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: