Menu

Сагынбек Абдырахманов: КСДП Атамбаевсиз! Бирок аны Кыргызстандан качырып ийбегиле!

Бөлүшүү:

КСДПнын партуюм каймактай баштаган кезинен берки мүчөсү Сагынбек Абдырахмановдун “КСДП Атамбаевсиз!” урааны менен өткөзүп жаткан аймактык конференциялары улам элдин кызуу колдоосуна ээ болууда. Өткөн жума Ысык-Көл жергесине барып, экс-президенттин этегин эмгиче кармап жүргөн активист сөрөйлөрдүн чабуулуна тушукту. “Форумда” олтургандар эптеп партиялык жыйынды бүлгүнгө учуратуу тапшырмасын бергени менен, Сагынбекти жалпы эл жана жергиликтүү соцдектер катуу колдоп, баары бир ооздон Атамбаевди КСДП башчылыгынан кетирүү талабын колдошту. Көл жергесинен жакшы маанайда кайткан Саке АШАнын Маскөөгө сапарга чыгып кеткенине катуу капа болду. “Атамбаев бийлик башында турган кезинде жасаган мыйзамсыз иштери үчүн толук жооп берүүгө тийиш. Сен байлыгыңды кайдан топтодуң? Атамбаев бийликке келгени карызыбыз эки эсе, мигранттардын саны үч эсеге көбөйдү. А буга ким жооп берет? Жакырчылык күчөдү. КСДПнын политбосстору байып атат, а карапайым элдин кредит, карыздан башы чыкпай атат. ЖЭБ боюнча кармалгандардын башында Атамбаев турат да. Жооп берсин! Ошондуктан, биз Атамбаевди чек арадан чыгарбаш керек деп атабыз. Бул менин жеке талабым эмес, көптөгөн адамдардын талабы. Эгер шылтоолоп келбей турган болсо, Икрамжанга окшоп, аны да кармап, алып келгиле. Элди азапка салды, аны жөн эле коё берсеңер, жаман сөзгө каласыңар”,- дейт Абдрахманов.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: