Клиптин сценарийи боюнча рэпер учактын канатында турмак. Клипти тартуу иштери башталганда Жон Жеймс Макмюррей учак менен абага көтөрүлүлүп ал учактын ичинен канатына чыккан. Кокусунан буту тайып, жерге кулап түшүп, Макмюррей алган жаракатынан улам каза болгон.

Ал эми учуу боюнча адистер “Жон Жеймс Макмюррей учактын канатын кармап калгандын ордуна парашютту ачып, секирип кетиш керек болчу, ошондо ал каза болмок эмес” деген пикирлерин билдиришкен.

Айта кетсек, Жон Жеймс Макмюррей 1984-жылы Канаданын Калгари шаарында төрөлгөн. Ал шоу-бизнес чөйрөсүнө келгенге чейин тажрыйбалуу лыжа тебүүчү болгон.