Menu

Бир тууган кыргыз калкына жардамдарыбыз үзгүлтүксүз улантылууда

Бөлүшүү:

Түркия кызматташтык жана координациялык агенттиги (ТИКА) тарабынан өлкө аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана чоңдор үчүн жардам иретинде 100 майып коляскасы тартууланды.

ТИКАнын Бишкек Координаторлугунун “Тоскоолдуксуз жашоо” социалдык компаниясынын негизинде майып коляскаларын тапшыруу үчүн Кыргызстандын Улуттук Кызыл ай коомунда уюштурулган аземге Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчисинин жубайы Василики Фырат, ТИКАнын Кыргызстандагы Координатору Али Муслу, Кыргыз Кызыл ай коомунун директору Азамат Баялинов, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Асель Куламбаева, аталган мекемелердин өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана алардын жакындары катышышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Василики Фырат: “ТИКАнын “Тоскоолдуксуз жашоо” социалдык компаниясынын алкагында 100 майып коляскасы муктаж болгон адамдарга берилүүдө. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун жеңилдеткен ушундай долбоорлорго көмөкчү болуп жатканы үчүн ТИКАга жана уюштуруу иштери үчүн Кыргыз Кызыл ай коомуна ыраазычылыгымды билдирем”,-деди.

Бишкек шаардык мэринын орун басары Куламбаева да ТИКАга, Кыргыз кызыл ай коомуна жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине рахмат айтып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын бул коляскаларга абдан муктаждыгы бар экенин белгилеп өттү.

ТИКАнын Бишкек Координатору Али Муслу өз сөзүндө, бериле турган 100 колясканын 35инин церебралдык шал оорусу менен жабыр тарткандарга, калган 65 колясканын басалбаган жарандарга берилээри пландалганын айтты.

Ачылыш сөзүнөн кийин, коляскалар муктаж болгон адамдарга тапшырылды. “Тоскоолдуксуз жашоо” компаниясынын максаты, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өз алдынча болуусун камсыздоо менен көз карандылыктан кутулуп, коом менен аралашуусун жана жаңы жөндөмгө, жаңы маалыматка ээ болуусуна түрткү болуу, муну менен катар кошумча каражат табуу мүмкүнчүлүктөрүн жаратуу  болуп саналат. Бул алкакта компания, айымдарга тикмечилик кесибин үйрөтүү жана карылар үчүн атайын билим берүүчү курстарды ачты. Муну менен биргеликте мүмкүнчүлүгү чектелген 100 адамга майып коляскасын тапшыруу планы каралган.

Булак: «Багыт»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: