Дыйкандар үчүн кирешелүү тармак болгон төө буурчактын бир дагы үрөнчүлүк чарбасы жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.
Эл өкүлү төө буурчак өлкө үчүн да кирешелүү тармак экенин айтып, анын үрөнүн өндүрүүгө тиешелүү министрлик көңүл бурбаганын баса белгиледи.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев бул боюнча Түркия мамлекети менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ