Menu

Мамбетжунус Абылов: Бөрү баласы ит болбойт!

Бөлүшүү:

Белгилүү коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов менен маектешкенибизде; азыр мамлекеттик кызматкерлерге таңсык болуп жаткан сапаттар тизмектелди. Алигүнчө орду жоктолуп келаткан Насирдин Исановдун өмүрү жана өлүмү жөнүндө, азыркыга чейин чуу жаратып, бирок мамлекеттин пайдасына тыянак чыкпай келаткан алтын кенине тийиштүү маалыматтар дагы кеңейди.

Кыйын кырдаалдардын бир жакшы жери – адамдардын чыныгы жүзүн ачып берет. Атамбаев эки тизгин бир чылбыр али колунда болуп, алынын келишинче алкынып турганында, элге төбөсү көрүнүп калган адамдардын көбү кумга башын катып отурушту. Анын бийлигинин мөөнөтү бүткөндө эле аны сынга алгандар жамырап кетти. Ошол кезде каалаганын каалагандай калчап аткан, бийликтен жалтанбай каршылыгын билдирген инсандар каймактай калкып чыга келишти да, аларга сый-урматым артты. Ошондой инсандардын катарында сиз да барсыз. Атамбаевдин алаңгазарлыгынан эки мамлекеттин алакасына доо кетип, чегара жабылып, кырдаал кыйчалыш болуп турганда, казак-кыргыз ынтымагы үчүн атайын иш-чара өткөрүп, уюштуруучулардын башында болдуңуз. Сиз ошондо «Айтчу сөз азыр, Атамбаев бийликте кезинде айтылыш керек» деп белгилей кеттиңиз эле. Ошол жерде өзүңүз иш жүзүндө үлгү болдуңуз. Айтсаңыз, ушундай мүнөз калыптаныш үчүн адамга эмне керек? Же бул тубаса касиет болушу керекпи?

Сурооңуз мени мактоо өңүттө экен. Ошондуктан мактангандай болбой, болгонун, болгондой айтайын.

Ар бир инсан өз заманында такшалат. Менин такшалуу учурум Горбачевдун «перестройка» мезгилине туура келди. «Перестройка» деген идея «гласность» деген сөз менен коштолуп, совет доорунда кемчилдиктерин бетке айтуу жаралды. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик аша чаап кетпес үчүн, Горбачев бизге өз адамдарын жөнөткөн. Буга бизге Компартиянын биринчи катчысы болуп келген Киселев, катардагы катчысы болуп Н. И. Семенов жана КГБ жетекчиси, обкомдордун катчылары далил боло алат. Алар жергиликтүү бийликке көзөмөл кыла баштаганда, Абдыразак Султанов, Жумагул Соодонбеков, Насирдин Исанов сыяктуу кыргыздын көрүнүктүү инсандары, Горбачевдун мындай саясатын тайманбай сындап, өсүп келе жаткан жаштарга үлгү да, дух да болушкан. Ошолордун таасири тийди көрүнөт, Акаев, Бакиев, Атамбаевдин кыңыр иштерин, алар бийликте турганда, мен ачык айтуудан качкан жокмун.

Эгемендикти алганыбызда өлкө башына Аскар Акаев келди эле. Коомчулукта ал билимдүү, окумуштуу адам болгону менен, мамлекет башкарууга такыр тажрыйбасыз экендиги азыр көп айтылып жүрөт. Сиз айткан белгилүү инсандар ошол кезде республиканын башкаруу тармагында болуп, тажрыйбалуу да, иш билги, жөн билги болушу да толук ыктымал эле. Аларда бийликти аркалап калуу мүмкүнчүлүгү болгон жокпу? Сурайын дегеним, бизде эмне үчүн тажрыйбалуу адамдар бийликке келген жок? Коңшу эле өлкөнү алсак, Казакстандын экономикасы бизден кыйла алдыга кетпедиби. Анын себеби Назарбаев республиканы башкарып туруп, эгемендиктен кийин да аркалап кеткени деп айтылып калат.

Бул сурооңуз өтө жүйөлүү суроо. А. Акаевдин ошол учурда мамлекет башына келгени, чындыкка таянсак, биз үчүн чоң сыймык болгон. Себеби ал билимдүү, ийкемдүү, демократияга берилген, дипломатиялык жөндөмү күч, акылга бай окумуштуу инсан экенин биз эле эмес, коңшу элдер да билишет. А. Акаев бийликке келгенде, кыргызды атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдон кем эмес дүйнөгө таанытты. Өлкөбүз бүгүн дүйнөдөгү Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү. Биз дүйнө жүзүнүн бардык бурчу менен тең укукта дипломатиялык мамиледе турабыз. Эл аралык уюмдарда биздин бүгүн таасирлүү ордубуз бар. Ушунун баары А. Акаевдин эмгеги. Биз муну мойнубузга алышыбыз керек. Тилекке каршы, А.Акаев акылдуу жана окумуштуу инсан болгону менен, кыргыздар айткандай, «пендечиликке» жол берип коюп, бүгүн өз мекенине келе албай, бөтөн элде кара жанын багып, менин жеке түшүнүгүм боюнча, арманда жүрөт.

Бул анын мамлекетти башкарууга тажырыйбасы жоктугунан же өзү туура эмес кадрларды тандап алганынан келип чыккан жок. Калыстык үчүн айтып коюш керек, анын тегерегинде элге, саясат чөйрөсүнө таанымал жана ишке жөндөмдүү, тажрыйбалуу инсандар жетиштүү эле болчу. Акаевдин катасы – ал уул-кызына, күйөө баласына, балдыздарына, силер менин ишиме кийлигишпегиле деп айта албай, биздин өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу күчөп кетти. Алар Акаевдин бийлигин Акаевдин өзүнө ыраа кылбай, таза, тажрыйбалуу кадрларды мамлекеттик кызматтан четтетишип, алардын ордуна кошоматчыларды дайындап, Акаевдин өзүн эч нерсе чечпеген байкушка айлантып салышты. Өлкө башчы байкушка айланганда, андай байкушту эл оңой эле өлкөдөн кууп чыкты.

Сиз жогоруда санап өткөн А. Султанов, Ж. Соодонбеков, Н. Исанов өңдүү башкаруу тармагында аздыр-көптүр тажрыйбага ээ адамдар келгенине караганда, Акаевдин келгени утушка ээ кылган жагдай болгон деп эсептейт экенсиз да? Акаевдин бийлиги сиз мисал келтиргендей, эл аралык мамилелерде ийгиликтүү болгону менен, ички саясаттагы ошондогу ээрге кыйшык отуруш эмдигиче түзөлбөй жаткан сыяктанат. Коомдун өнүгүшүнүн маанилүү фактору болуп саналган билим берүү системасы жаатында Акаевдин алгылыктуу ишин атай аласызбы? Бул тармак ошол кезде ташталып калып, бүгүн ошонун кээрин тартып атабыз деген пикирге кошулат белеңиз?

Менин оюмча, сиз А. Акаевге баа берип жатып, ал бийликке келген учурду эске албай жатасыз. Ошондуктан сиздин көңүлүңүздү ошол кырдаалга бурайын. «Перестройкадан» эл күткөн натыйжа чыккан жок деп Совет өлкөсүнүн ошондогу премьер-министри Н. Рыжков Москвада ачылган съездде ачык жарыя кылып, М. Горбачевдун жүргүзгөн саясаты менен Совет өлкөсү оңоло албасын айкындап салды. Ошондон баштап Союзга баш ийген биз сыяктуу өлкөлөр эле эмес, ошол Союздун борбору Москва да М. Горбачевду жерип, Россиянын парламенти Москванын макулдугу жок эле Б. Н. Ельцинди өз өлкөсүнө башчы кылып шайлап алышты.Ошол учурда биздин жетекчибиз А. Масалиев Москва «эмне дейт» деп кылчактап туруп алгандыктан, биздин парламент да анын ордуна А. Акаевди өлкө башчы кылып шайлап салды. Ошондо А. Акаевдин бийликке келгенине биз кубандык. Себеби ал партноменкулатуранын өкүлү эмес, илим академиясын башкарган билимдүү, Союзга таанымал окумуштуу болгон.

Андан сырткары, ошол учурда Союздук парламентке мүчө катары ал Б. Ельцинди бийликке алып чыккан Россиянын атактуу демократтары Г. Попов, Ю. Афанасьев, А. Собчак менен кызматташ болгон. Ошондуктан А. Акаев кызматка келгенде, чу дегенде өз командасына демократияга ыктаган тажырыйбалуу инсандарды тарткан.

Ошонун натыйжасында Н. Исанов өлкөгө вице-президент, анан премьер-министр, А. Султанов Жаратылышты коргоо министрлигине, Ж. Сооданбеков Коомдук көзөмөлдөө палатасына жетекчи болуп дайындалган. Биздин өлкөгө партноменкулатуранын өкүлү эмес, демократияга ыктаган, илимий чөйрөнүн өкүлү келгени үчүн мен өзүм ошол учурда абдан сыймыктанчумун.

Эми сурооңуздун экинчи бөлүгүнө жооп берейин. Акаев бийликке келгенде, менин оюмча, ал ээрге кыйшык отурган эмес. Ал биздин өлкөдө саясый, экономикалык реформаларды ыкчам, бирок чала жүргүзгөн. Мен муну сизге далилдеп берейин. Акаевдин саясый реформасынан биздин өлкөдө ар кандай саясый партиялар куралып, өлкөдө атаандаштык шайлоо тута алды. Анын экономика тармагындагы реформасы элди жеке менчикке буруп, өлкөдө жерлер, мүлктөр элдин, коллективдердин, ишкерлердин колуна өттү. Өлкөдө эркин соода жүргүзүү, жеке ишканаларды ачуу, ички, сырткы илешкини эркин өнүктүрүү башталды. Биз өзүбүздүн улуттук валютага ээ болдук. Диффузия деген сөздү физика илиминде калыптанган абанын жыты же калыптанган суунун түсү бузулса колдонот.

Жогоруда аталган саясый жана экономикалык реформалар, физикадай эле биздин коомдо диффузия жаратты. Ошонун айынан, элдин калыптанган социалдык жашоосу бузулуп, эл ичинде байлар жана жакырлар жаралып, «ач кадырын ток билбейт» деген заманга дуушар болдук. Бир нерсени билип коюш керек, жакырчылыкты жоюу баардык эле жерде өкмөттүн гана милдети деп эсептелет. Бирок өкмөт курамын бүгүн жалаң көпөстөрдөн турган депутаттар чечкендиктен, өкмөт элге эмес, ошол көпөстөргө кызмат кылууда. Бу кесел А. Акаев учурунда башталып, бүгүн өз аппогейине жетти.

Сиз деле көрүп турасыз, жакырчылык күчөгөн сайын, коомдо саясый туруктуулук бузулуп, жакыр эл төңкөрүшкө умтулгандарды колдойт экен. Буга жол бербеш үчүн Совет доору динди, Рим доору көпөстөрдү мамлекеттик бийликке жолоткон эмес. А. Акаев болсо баардык жарандардын укугу бир деген батыштын догмасына таянып, көпөстөргө депутат болууга, өкмөттүн курамын аныктоого жол ачып салган. Тилекке каршы, биз буга бүгүн да жол берип жатабыз. Өкмөт көпөстөргө көз каранды болбой, иштеш үчүн жана жакырчылыкты жоюш үчүн өкмөт чечкиндүү иштесин десек, бай менен көпөстөрдүн өкмөт курамын аныктоого биздин өлкөдө укугу болбош керек.

Элге билим берүү маселеси боюнча менин пикирим мындай: Совет доору урагандан кийин, билим берүү маселесин мамлекет толук каржылай албай калды. Муну элдин баары эле билип, көрүп турат. Мындай кырдаалда билим берүүнүн кайсы чөлкөмүн мамлекет өз мойнуна алат деген чечим жоктугунан, бизде бекер же акча төлөп билим алуу мектептен баштап жогорку окуу жайларына чейин тарап кетти. Менин оюм боюнча, жазууну, окууну, эсептөөнү балдарга үйрөтүш үчүн, мамлекет өзү башталгыч мектептерде балдарды бекер окутууну мойнуна алып, башталгыч мектептин мугалимдерине татыктуу айлык төлөп туруш керек. Жакшы окуган, бирок колунда жок үй-бүлөнүн балдарына, мамлекет атайын грант болуп берип, алардын орто билим алуусуна шарт түзүп бериши керек. Алардын ичинен орто мектепти жакшы баалар менен бүткөн балдарга, алардын жогорку окуу жайлардан билим алышы үчүн, мамлекет аларга насыя бөлүп бериши керек. Алар окуу жайды бүткөндөн кийин, насыяны кайтарыш үчүн, мамлекет жөнөткөн жерге алар барып кызмат кылып бериши керек.

Ал эми айтылган ушундай мамлекеттик көмөккө кирбеген башталгыч мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн орто жана жогорку билим алышы толугу менен балдардын ата-энесинин милдети катары бааланыш керек. Ушундай жоопкерчиликтерди анык тактаган система биздин өлкөдө болбогондуктан, билим берүүнүн сапаты биздин окуу жайларда абдан эле төмөндөп кеткени бүгүн эч кимге деле жашыруун эмес. Өлкөдө жоопкерчиликти чектеген билим берүү системанын жоктугун, өлкөдө көпөстөрдүн өкмөттү аныктоо укугу чектелбегенин мен А.Акаевдин реформасынын чалалыгы деп баалайм.

Сиз таалим алган адамдардын арасына Насирдин Исановду да атап өттүңүз. Бул инсандын бийик адеп-ахлак, нарк-насили, бек карманган тазалыгы тууралуу башка кадырлуу адамдардан да угуп жүрөм. Аны менен кызматташ адам катары, өмүрү өрнөк адамдын бейнесине кенен токтолуп бербейсизби. Бүгүнкү күндө жаш муун, дегеле коомчулук өзүбүздөн чыккан чыгаандарды жок дегенде угуп билсе жакшы өрнөк болор.

Насирдин Исанович жөнүндө көп жылуу сөздөрдү айтса болот. Анын адамдык табияты, жүргөн-турганы, тажрыйбасы, ишмердиги, шыктуулугу, тазалыгы, сылыктыгы, чыдамкайлыгы жаштарга эле эмес, бүт кыргыз элине өрнөк болууга татыктуу. Муну билгенимдин себеби – ал киши мага кесиптеш жана коллега болчу. Өкүнүчтүү нерсе, өмүрү кыска экен. Өкмөттү жетектеп турганда, 47 эле жашында жол кырсыгынан каза болду. Мен эми сизге аны менен кантип таанышып калганымды айтайын.

Ал кезде биздин өлкө да «перестройкага» бет буруп, курулуш тармагында мен өз тажрыйбамды жайылтып жүргөм. «Перестройканын» жүрүшүн талдаш үчүн бизге Москвадан эксперттер келип, мени да Госстройго жыйынга чакырышты. Ал жыйынды ошол кезде Госстройдун жетекчиси катары Насирдин Исанович алып барды. Жыйында жасаган маалыматым москвалык эксперттерге жакса керек, алар кеткенден кийин мени Насирдин Исановичке чакырышты. Биз ушинтип жолугуштук.

Анан «перестройканын» эпкини менен бара-бара облустар ирилешип, Талас, Нарын облустары жоюлуп, алардын ордуна түндүктө бир гана Ысык-Көл облусу сакталды. Насирдин Исанович ошол Ысык-Көл облусунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланып, ошол облустун курулуш трестин башкарып берүү кызматын мага сунуштады. Бул кызмат мени ал киши менен тыгыз иштөөгө алып келди. Көз ачып жумгуча жарым жылча өтүп кетти. Бир күнү кечке жуук Насирдин Исановичтин жардамчысы Шейшен деген жигит мага телефон чалып, сизди Насирдин Исанович күтүп жатат деп кабарлады. Ал киши сурап калат ко деп, облус боюнча курулуштагы болгон акыркы маалыматтарды топтоп, бир аз кечигип бардым. Кирсем жылуу жылмайып: «Мамбетжунус, бүгүн үй-бүлөң менен биздин үйдөн чай ичип кеткиле, биз силерди үйдө күтөбүз», – деди.

Ошондо башыма келди, Насирдин Исанович менен мен бирге иштеп жүрүп, кичүү катары, ал кишиге мен бир пияла чай да куюп берген эмес экенмин. Бир жагынан ошого уялып, бир жагынын анын чакырганына сүйүнүп, бир жагынан толкунданып, ошол кезде эмчектеги Бермет деген кичүү кызыбызды колубузга көтөрүп, эки балабызды жетелеп, биз колуктум экөөбүз Насирдин Исановичтин үйүнө келдик. Ушинтип биздин үй-бүлөлүк катнаш башталган.

Дасторкондо чай ичип отуруп, ал киши иш жөнүндө бир ооз сөз козгогон жок. Өзү комуз чертип, биздин алдыбызда эргип ырдап, бала-чакамдын аттарын сурап, табактагы жиликтерди өзү бөлүштүрүп, тамак жеп бүткөндөн кийин колуктусу менен бизди машинага чейин узатышып, мени, менин үй-бүлөмдү Насирдин Исанович урматтай, сыйлай тургандыгын сездирди. Үйгө келип колуктум экөөбүз ал кишинин мындай карапайымдыгына, мындай адамгерчилигине ыраазы болуп, сөзүбүз таң атканча бүткөн жок.

Мен жетектеген мекеме өлкөнүн курулуш министрлигине баш ийчү. Ал министликтин кезектеги коллегиясы бүтүп жатканда, биздин министр С. Аблесов, курулуш мекемелеринин аймак жетекчилерине нараазылыгын билдирип, баарыңар эле мени карап отурасыңар, өзүңөр качан кыймылдайсыңар. Москвадан силерге керектүү нерсени жеткирип берүүгө мен үлгүрө албай жатам деп, анан мага кайрылып: «Мамбетжунус, сен жаш жетекчисиң го. Сен Москвага барып, кыймылдап буларга үлгү болуп берчи», — деп ачууланып калды.

Коллегия бүткөндөн кийин мен облуска телефон чалып, Насирдин Исановичке министрим С. Аблесовдун койгон талабын айттым. Ал киши көпкө ойлонуп, бул анын өзүнүн түз милдети. Бирок бир жолку анын талабын аткарып кой деп мага Москвага барууга уруксат берди. Эртеси Москвага учуш үчүн аэропортко келсем, Насирдин Исанович да Москвага учуп жатыптыр. Аны Москвада машина күтүп тургандыктан, кел чогуу отуралы деп сунуш кылды. Машине бизди түз эле «Академия народного хозяйства» деген окуу жайга алып келди. Бизди анын ректору, М. Горбачевдун ошол кездеги кеңешчиси, академик Оганбегян жана анын биринчи проректору академик П. Г. Бунич тосуп чыкты. Бунич мени тааныгандыктан, биздин учурашканыбызды көрүп, Оганбегян күлүп калды: менин жардамчым менен сиздин жардамчыңыз тааныш экен, Насирдин Исанович, эми биздин баш оорубуз бүттү деп. Мен ошондо гана билдим, Насирдин Исанович илимий даража жактап жүргөнүн.

С. Аблесовдун Москвадагы тапшырмасын аткарып бүтүп, кайра облуска келсем, Насирдин Исанович өзүндө экен. Ага маалымат берип бүткөндөн кийин, Насирдин Исанович менин защитам 12-апрелге коюлду деп айтып калды. Муну уккандан кийин Насирдин Исанович, мен мурда илимий даража жактаган адам катары, защитанын машакаттарын жакшы билем. Сиз мага уруксат берсеңиз, апрелдин башында отпускага чыгайын. Анан 12-апрелге чейин Москвада болуп, защитага чейин Сиздин диссертацияңыз тууралуу керектүү рецензияларды топтоюн. Бул иш Сиздин диссертацияңыз Окумуштуу кеңеште жактырылышын жеңилдетет деп сунуш кылдым. Мамбетжунус, мен сага муну кантип айтарымды билбей жаткам. Мени түшүнгөнүңө рахмат. Мен рецензия чогултам деп он күндөп Москвада жүрүп алсам, бул жакта чуу башталат. Эгер отпуск мөөнөтүң апрелге туура келсе, сен С. Аблесов менен макулдаш. Ал уруксат берсе, сенин Москвага барууңа мен каршы эмесмин деди.

Аблесов уруксат берип, Москвага келгенде мен түз эле Буничке жолуктум. Ал рецензия ала турган окумуштуулардын тизмесин, даректерин мага берди. Анын атынан мен аларга кайрылып, 12-апрелге чейин тиешелүү рецензияларды топтоп бүтүрдүм. 12-апрель күнү Насирдин Исанович диссертациясын ийгиликтүү жактап, кечинде Москвадагы кыргыздарды ресторанга чакырып чай берди. Чакырылган меймандардын ичинен ошондо Аскар Акаевич гана кайра кеткен жок. Мен Насирдин Исанович экөөнө ак да, көк да чай куюп отурдум. Аскар Акаевич анда Союздук парламенттин туруктуу мүчөсү катары Москвада жашайт экен. Бир кезде Аскар Акаев сиздерде кандай болуп жатат деп Исановдон сурап калды. «Москва эмне дейт» деп эле биздин чоңубуз этияттанып жатат деп Исанов жооп кылды. Аскар Акаевич болсо, Грузия боюнча А. Собчактын комиссиясы чыгарган бүтүмдөр чындыкка жакын экен. Горбачев ал бүтүмгө бут тосо албай кыйналып турат деп койду. Саясат жөнүндө башка бир да сөз болгон жок.

Москвадан келгенден кийин мен жумушка чыктым. Иштеп аткам. Бир күнү эртең саат 10до Насирдин Исанович облустун чарба жетекчилери менен чогулуш өткөрөт деп кабар келди. Чогулуш 10до эмес, кеч башталды. Насирдин Исановичтин пунктуалдуу адам экенин билгенимден мен таң калдым. Чогулуш бүткөндөн кийин элдин аягы сууганда Насирдин Исановичке кирсем, көңүлү суз. Жардамчысын чакырып, мени дагы ким күтүп жатат деп сурады эле, эч ким калган жок дегенде, анда кофе, коньяк болсо алып кел деди. Кичине жазылгандан кийин, Мамбетжунус, сен кай жерден болосуң деп сурап калды. Мен Токтогулданмын десем, ал бырс күлүп жиберди. Көрсө, биз Москвада жүргөндө облустан борборго биз тууралуу арыз түшүптүр. Ошону текшерип келгендерге жооп берип жатып, ал саат ондо боло турган жыйынга кечигиптир. Ал арыз мындай экен. Насирдин Исанович өзүнүн жакын иниси М. Абыловду облустун курулуш жетекчиси кылып кызматка коюп, ал болсо иш кылбастан эле Н. Исановичтин диссертациясын жазгандыктан, облуста курулуш иштери ойдогудай жылбай жатат. Буга чара көрүү керек деп обкомдун курулуш тармагын тейлеген кызматкерлери борбордук бийликке кайрылышыптыр. Мен ошондо гана түшүндүм, эмне үчүн мен Токтогулданмын дегенде Н. Исанов бырс этип күлүп жибергенин. Көрсө, ал өзү Ноокаттан болгондуктан, ага жакын иниси деп жабылган күнөө жалган болуп каларын түшүнүптүр.

Кийин мен борборго келип Главканы жетектеп калдым. Ошол учурда «перестройканы» алдыга жылдырыш үчүн кадр тандоо системасына Москва жаңы ыкма киргизе баштаган. Мурда кадр тандоо жалаң гана партиянын укугу болсо, «перестройка» учурунда кадр тандоо эксперттерге өтүп, кадр тандоодо айкындык жана атаандаштык кире баштады. Бул системаны биздин өлкөдө ишке ашырыш үчүн Москвадан эксперттер келип, Ысык-Көл мейманканасында «оюн иретинде» бизде ачык конкурс өткөрүштү. Ал конкурска министрлер, замминстрлер, главканын начальниктери, облус аткаруу комитеттеринин төрагалары, экономика боюнча өлкөдөгү илим изилдөө институттарынын директорлору, премьер-министрдин орун басарлары катышты. Конкурстун катышуучуларын биринчи этапта сегиз топко бөлүп, ар бир топ өзүнүн экономикалык програмассын даярдаш үчүн эксперттер бир күн убакыт берди. Биздин топ, менин илимий даражам бар болгондуктан, биздин программаны даярдоо, баяндоо милдетин мага жүктөдү. Үчүнчү күнгө жеткенде, ошол сегиз топтон экөө гана финалга чыкты. Анын бирөө Насирдин Исановичтин, бирөө менин тобум болгондуктан, Насирдин Исанович экөөбүз финалда майданга чыгып, мен Насирдин Исановичтен утулдум. Тыянак чыккандан кийин, Москвадан келген эксперттер жабык түрдө бизге минтип айтты. Насирдин Исанович, Сизди өкмөттүн төрагалыгына, а Сизди өкмөттүн мүчөлүгүнө сунуштайбыз деп. Алардын тыянагы ошондо ишке ашпаганы менен, кийин биздин тагдыр так ошолор айткандай болуп чыкты.

Күз кирип калган. Бир күнү Насирдин Исанович телефон чалып, мен Москвадан кечинде учуп келем. Көптөн бери жолугушпай кеттик. Эжең экөөбүз кечинде үйүңөргө барабыз деди. Ошо күнү Насирдин Исанович өзү менен кошо физика боюнча илимдин доктору С.Токтомушевди аялы менен кошо ээрчите келиптир. Көрсө, а күнү Москвадан илимдин кандидаты деген дипломун колго алып, сүйүнүчүн биз менен бирге жууш үчүн, эже экөө Москвадан түз эле биздин үйгө келишиптир. Ошол жолугуштан таңкы саат төрттө гана тарап, Токтомушев байке үйүнө, ал эми Насирдин Исанович түз эле Ысык-Көлгө кетти. Ошондон бир ай өтүп-өтпөй эле А. Акаев өлкөгө Президент, Н. Исанов вице-президент, анан премьер-министр болуп шайланды, а мен болсо Госстройдун биринчи орун басары, анан Госконцернге айланган С. Аблесов жетектеген өлкөнүн мурунку курулуш министрлигин жетектеп калдым.

Насирдин Исанович өзүн өзү кармай билген өтө токтоо адам эле. Ал бирөөгө аябай кыжыры келип ачууланганда, бар болгону «кызык адам экен» деп гана кейип койчу. Бу интеллигенттиктин белгиси эмей эмне. Ал өзү сөзгө чебер адам болгондуктан, одур-додур, орду жок, ага тийишип же аны мазактап сүйлөгөндөрдү сылык сөз менен эле ооздуктап койчу. Буга бир мисал бар. Анда партия деген өз күчүндө. Обкомдун жетекчиси Ж. Аманбаев бир жыйында «курулушчулар убадаларын аткарбайт» деп Н. Исановго тийишкенде, а киши, Жумгалбек Бексултанович, «бул илдет айыл чарба тармагында өтүшүп кеткендиктен, курулушчуларга жуга баштады» деп эл алдында анын оозун жап кылган.

Насирдин Исановичтин ач көздүгү жок, ишке, үй-бүлөсүнө өтө берилген, табияты таза, жүрүм-туруму жөнөкөй, адамга өтө жагымдуу сылык инсан эле. Ал биздин өлкөнүн өкмөтүн жетектеп турганда, элдин баары эле билет, биздин өлкөдө коррупциянын аты да, жыты да жок болчу. Исанов көз жумгандан кийин, анын ордуна премьер-министр болуп келген Т. Чынгышев деген шылуун, «не воруют только ленивые и дураки» деген ураан менен өз ишин баштап, элди бузган. Ошондон тартып биздин өлкөдө коррупция деген оору жугуп, бийликти кууп чыксаң да, куубай тынч койсоң да, анын тамыры куурабай, карапайым элди эзип жатат.

Коррупцияга каршы күрөшүмүш болгондо биздин бийлик «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген Раззаковдун сөзүн кайталап калат. Бул сөз Раззаков учурунда ылайыктуу болгон, себеби ал заманда бийлик коррупция менен булганган эмес. Бүгүн коррупцияны эл эмес бийлик жаратып, бийлик таратып жаткандыктан, элди «Сен» таза болсоң деп бийлик айтканы уят. Себеби эл коррупциянын жартуучусу эмес, анын жабыркоочусу. Ошондуктан мен кыргыз элиме кыйкырып айткым келет: «Коррупциядан арылыш үчүн бийлик Насирдин Исановичтей иштеш, Насирдин Исановичтей жашаш, Насирдин Исановичтей таза болуш керек» деп. Бийлик коррупциядан чын эле арылгысы келсе, «Раззаковдун сөзүн эмес, Исановдун өзүн» бүгүн элге даңазалаш, даңазалаш жана даңазалаш керек.

Насирдин Исанов

Насирдин Исанович 7-ноябрда 75 жашка эле чыкмак. Аттиң, аны жарык дүйнөгө алып келген ноябрь айы, кайта эле аны жарык дүйнөдөн жутуп кетти. Жаткан жериң жай, топурагын торко, арбагың эл журтуңа коргоо болсун, Насирдин Исанович!!!

Ж. А.: Рахмат агай, Насирдин Исановду дагы жакыныраак тааныштырып бердиңиз. Chyndyk.kg сайтына жарык көргөн материалда жубайы анын киши колдуу болгонун айтыптыр. Зил жүк машинасы менен кагышкан Волга автомашинасынан жалгыз Н. Исанов көз жумган экен. Эженин айтканына таянсак, ошондо Исанов азыркыга чейин чуунун үстүндө келаткан алтынды өзүбүздүн заводдордон чыгарууну көздөп жүргөн экен. Бул тууралуу сизде кандай маалыматтар бар? Анын киши колдуу болгону тууралуу учурунда кандай маалыматтар болду эле?

М. Абылов: Насирдин Исановичтин каза болгону Султан Ибраимовичтин каза болгонундай эле кыргыз элин катуу кайгыга батырган. Насирдин Исановичтин жубайы Зина эженин минтип айтканында негиз бар. Эмне үчүн? Мен Насирдин Исановичке чабуул башталганда, ал киши менен бир маселе боюнча пикир бөлүшкөм. Мен ошону айтайын, а Сиз өзүңүз тыянак чыгарып алыңыз.

Кыргызда «жылаан чыкпай, жылкы теппей» деген сөз бар. Ошо сыңары, «Бир граммынын баасы бир килограмм алтындан кымбат турган биздеги «кызыл ртуть» жашыруун өлкөдөн чыгарылып жатат» деп А. Акаев күтүлбөгөн жерден бир жыйында Насирдин Исановичти ачык күнөөлөп чыкты. Жыйын бүткөндөн кийин, а киши менен жолуга албай калгандыктан, эртеси кечкурун жолуктум. Эмне болуп кетти деп Насирдин Исановичтен сурасам, ал мага муну айтып берди.

Чыңгыз Айтматовдун Санжар деген баласы инвестор алып келип А.Акаев менен жолуктурдум, эми сиз кабыл алып койсоңуз деп өтүнгөнүнөн мен кабыл алгам. Алып келген кишиси Бирштейн деген Москвадан мурда Израилге кеткен еврей экен. Аны уксам, кен байлыктарыңарды кепилдикке койсоңор, мен чет элдик банктардан каалашыңарча каражат алып берем, ал кен байлыктарды өздөштүрө турган компанияларды таап берем. Кыргызстандын экономикасы ыкчам өнүгүп, башка өлкөлөргө үлгү болосуңар. Муну ишке ашырыш үчүн Сиздин өкмөтүңүз мага кепил катка кол коюп бериши керек. Менин сунушумду А. Акаев жылуу кабыл алды деп маалымдады. Аны угуп бүткөндөн кийин сиздин иш тажрыйбаңыз менен таанышалы, кен байлыктарды өздөштүрүү боюнча өзүңүздөн мурун ишке ашырган проекттериңиз тууралуу мага маалымат калтырыңыз деп, мен аларды узатып койдум.

Ал кеткенден кийин Макмал алтын комбинатын биз менен бирге курган россиялык досторго телефон чалып, Бирштейн жөнүндө маалымат сурасам, ал эл аралык «аферист», андан этият болгула деп жооп беришти. Ошондон кийин мен Бирштейн тууралуу унутуп калгам. Бир күнү А. Акаев менден сурап калды, Сизге Бирштейн кездештиби деп. Ал мага Айтматовдун баласы менен келгенин, ал тууралуу москвалык достор этият болгула деп айтканын маалымдадым. Андан башка Акаев менен сөз уланган эмес.

Кечээ «кызыл ртуть» тууралуу А. Акаев күнөөлөгөндө, мен москвалык досторго телефон чалып, «кызыл ртуть» тууралуу маалымат сурасам, алар мага муну жөнөтүштү деп мага кат көрсөттү. Окусам анда мындай деп жазылыптыр: «Кызыл ртуть» деген зат жаратылышта кездешпейт, ошондуктан аны өндүргөн, же саткан дүйнөдө бир да мекеме жок. Ртутту тазалоо үчүн, ага ар кандай заттарды кошуп, окумуштуулар химиялык формула таап, аны «кызыл ртуть» деп аташкан. Бирок андай химиялык формулага шайкеш келген жаратылышта да бир да зат кездеше элек». Мен катты окуп бүткөндөн кийин Насирдин Исанович мындай сөздү кошту. Москвалык достор Бирштейндин «кызыл ртуть» тууралуу мурда эле Москвадан маалымат сурамжылап жүргөнүн билишет экен. А. Акаевге жалган маалыматты Бирштейн берсе керек, «кызыл ртуть» тууралуу менин жообумду уккандан кийин, ал менден бул жооп ортобузда калсын деп суранды. Ошондо мен А. Акаевдин айыбынан кийин Сиз жөнүндө элде бүдөмүк пикир күчөйт. Ага жол бербеш үчүн, бул жоопту гезитке жарыялаш керек ко дегем. Ал мени угуп, «Слово Кыргызстан» газетасынын редакторуна телефон чалып, Александр Иванович, «кызыл ртуть» тууралуу менин жообумду гезитке жарыялап коюңуз деди. Ошондо ал жооп гезитке чыккан. Бул архивде бар.

Насирдин Исановичти киши колдуу болду деп Зина эженин айтканында негиз бар. Муну мен Сизге түшүндүрөйүн. Исанов бийликте турса Бирштейн кыргыз элинин ырыскысына кол сала алмак эмес. Муну билгенден кийин, ал Н. Исановду премьер-министирликтен кетирүү жолун издеген. А. Акаев ошондо Бирштейге алданып Н. Исановго “кызыл ртуть” боюнча жалган жалаа жапкан. Насирдин Исановичтин гезитке чыккан жообунан кийин, Акаев калпычы кейип кийип, Исановдон кантип өч алаарын билбей жүргөн. Менин оюм боюнча, ошол учурда Исановдун жок болгону Акаевге ыңгайлуу болуп калганын сезип, Бирштейн канкордукка барышы мүмкүн. Себеби авария болгондо Насирдин Исанович менен жанында Бирштейн менен анын «дөөдөй» болгон жан сакчысы гана болгон. Алар эч жабыркабай, жалаң гана Насирдин Исанович катуу жаракат алып, өзүнө кайра келе албай, авария болгон жерде көз жумган. Исанов көз жумгандан кийин, рахмат сыңары, А. Акаев Кумтөр алтын кенин Бирштейндин колуна салып бергени, Исановдун өлүмү Акаевге ыңгайлуу болгонунан кабар берет. Криминалистикада “обретатель выгоды” деген түшүнүк бар. Ушу түшүнүккө таянып, эгер Сиз Насирдин Исановичтин өлүмү кимге пайдалуу болмок деген суроого жооп издесеңиз, Сиз Бирштейнге келип сөзсүз такаласыз. Себеби Насирдин Исановичтин өлүмү Акаевдин бийлигинин бекемделишине өбөлгө түзүп, Кумтөр алтын кени Бирштейндин колуна шарт эле тийди да.

 Жээнбековдун бир жылына, кадрдык саясатка кандай баа бересиз? Иштин көзүн билген, тажрыйбалуу адамдар, билимдүү, таланттуу жаштар дале көз жаздымда калып аткан жокпу? Жакында соцтармактарда көп нааразылыкты жаратып аткан талапкер акыйкатчы болуп шайланды. Кыргызстандын келечеги үчүн кооптонуу күчөп тургансыйт, сиздин пикириңизде кандай?

Президент С. Жээнбековдун бийликке келгенине бир жыл болгону менен, ал кадр саясатын өз алдынча жүргүзүүгө жетише элек. Мунун жүйөлүү себеби бар. Бүгүн бизде өкмөт жетекчисин Атамбаевдин көзөмөлү, макулдугу, колдоосу менен түзүлгөн парламент, ал эми өкмөт мүчөлөрүн болсо Атамбаев өзү вице-премьер кылып кызматка көтөргөн М. Абылгазиев, так айтканда чылгый Атамбаевдин сүймөнчүктөрү чечип жатышат. Алар С. Жээнбековго ыктап иштейин дешсе, Атамбаев бүгүн С.Жээнбековго каршы ачык чыгып, өкмөт менен парламенттин мүчөлөрүн бүдөмүк ойго такап жатат. Эгер өкмөт башчы менен парламент бүгүн С. Жээнбековго ачык ыкташса, анда алар Атамбаевди саткан болуп калышат, ыктабайын дешсе, бийликти кайрып алам деген Атамбаевдин чабуулу курчуганын алар көрүп турушат. Ошондуктан өзүнө душман арттырбаш үчүн С. Жээнбеков мындай кырдаалда Атамбаевдин сүймөнчүктөрү менен кызматташууга мажбур болууда. Сиз сурап жаткан Атамбаевдин эрке талтаңы Т. Мамытовду парламент ошондуктан элдин каршы болгонуна карабай, акыйкатчы кылып шайлап салды. Атамбаев учурунда бийликтен четтетилген тажрыйбалуу, иш билги, колу таза, кошоматчылыкка ыктабаган инсандар ошондуктан бүгүн да жоопкерчиликтүү, ылайыктуу кызматтарга тартылышпай, өлкөбүздүн экономикасы өнүгүү жолуна түшпөй жатат.

Кыргызда «бөрү баласы ит болбойт» деген бир накыл сөз бар. Анын сыңары, Атамбаевдин кадрлары, эгер кырдаал курчуп кетсе, С. Жээнбековго жөлөк болушпайт. Буга Бакиевдин тагдыры мисал боло алат. Ушуну түшүнүп, өзүнүн бийликте турганына бир жыл ашып кеткенин эске алып, С.Жээнбеков кадр саясатын өз алдынча жүргүзүүгө өтүш керек. Эгер буга бара албаса, анда С. Жээнбековду колдойлу деген эл ичиндеги жакшы пикир бат эле сууп кетет. Атамбаев ушуну эле эңсеп турганын С. Жээнбековдун өзү деле байкап турса керек.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: