Menu

Ачык өкмөт-өнүккөн өлкөнүн ачкычы

Бөлүшүү:

Кечээ Бишкекте премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин катышуусунда Ачык өкмөттүү түзүү боюнча Улуттук иш-аракеттердин планы коомчулукка тааныштырылды. Өз сөзүндө өкмөт башчысы: “Мен бул кызмапа канча иштеримди билбейм. Ушундай болсо. мен да жарандык коомдук өкүлү катары, сиздердин катарга кошулам. Же сиздер екмөткө келип калышыңыздар мүмкүн… Зч ким түбөлүк өкмөттө иштебейт”,- деп айтуу менен бирге улуттук форумдун катышуучуларын өкмөт менен жарандык коомдуу кагылыштырбоого чакырды.

“Мен жоопкерчиликтүү түрдө айта алам – биздин ачык коомду курууга багыт алган курсубуз элибиздин эркине жана прогресске карай умтулуусунун негизинде чыкты. Элдин эркиндикти сүйгөндүгүнүн натыйжасында көз карандысыз, демократиялуу Кыргызстанды куруунун ишенимдүү негизи түзүлдү. Бүт дүйнө жүзү биздин мамлекетте саясий атаандаштык, өз пикирин эркин айтуу сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ишке ашырылып жатканын билет. Көптөгөн өлкөлөрдүн баш мыйзамында эркин шайлоолор тууралуу жазылган, бирок алардын бардыгында шайлоолор жогорку атаандаштыкта жана эркин өтпөйт. Өкмөт башчысы катары белгилеп кетүүм керек, эркин, таза парламенттик шайлоолор гана туруктуу бийлик, коомдук туруктуулукту камсыздай алат! Ачык өкмөттү түзүүнүн камында биз уникалдуу, ар дайым иштеп турган Улуттук форумду түзө алдык. Анын курамына паритеттүү түрдө бардык бийлик бутактарынын мүчөлөрү жана жарандык коомдук активдүү мүчөлөрү тартылды. Дал ушул коомдук-мамлекеттик аянтчанын алкагында ар бирибизди ойлондуруп турган маанилүү маселелелерди талкуулоого жол ачылды”,- деди премьер-министр.

Өкмөт башчынын айтымында, С.Жээнбеков коррупцияга каршы аесуз күрөш ачып, ал өз жемишин берип жатат: “Коррупцияга каршы дүйнөлүк тажрыйбага таянсак, ага каршы бийликтин бардык бутактары, коом биргелешип каршы турса гана жемиштүү болот. Бирок, коомчулук менен бийлик бири-бирине ишениши керек. Коррупцияга каршы күрөштүн эн негизги шарты – ачыктуулук. Мамлекет жасаган иштерге коомдук көзөмөл болуп турушу зарыл. Дал ушул максатта Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп, 2017-жылдын ноябрында “Ачык өкмөт шериктештигине” расмий мүчө болгон. Улуттук форум тарабынан ачык өкмөттү куруу багытында эки жылдык Улуттук план иштелип чыккан. Анын алкагындагы демилгелердин көпчүлүгү жарандык коомго тийиштүү. Аны ишке ашыруунуну жүрүшү “Ачык өкмөт” шериктештиги тарабынан көз карандысыз экспертизадан өтүп турат. Пландын ишке ашуусу менин жеке көзөмөлүмдө болот”.

Форумдун катышуучулары премьер-министрдин сөздөрүн кубаттап, ачык өкмөт өлкө өнүгүүсүнүн ачкычы экендигине токтолушту.

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: