Кыргызстанда үй-бүлө кургандардын 20 пайызы ала качуунун курмандыгы болгондор. Бул тууралуу бүгүн 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.
Статистика боюнча кыргызстанда 1 жылдын ичинде 45-50 мин үй-бүлө курулат. Бирок мунун 20 пайызы ала качуу менен коштолот. Ала качуулардын 6 пайызы зордуктоо менен аяктаган.
Анын айтымында, ала качуу боюнча 13 кылмыш иши козголуп соттун кароосуна жөнөтүлгөн.
“Биз муну эске алуубуз керек, акыркы учурда республиканын айрым аймактарында мындай мыйзам бузуулар орун алып жатат”, – деди акыйкатчы.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ