Menu

Фото – Баткенде ганимат үчүн 1,3 млн доллар карактоого пайдаланылгандан кийин жерге көмүп салынган автоунаа табылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 23-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Боз айылындагы адырдан болжол менен «Форд»үлгүсүндөгү 3 метр тереңдиктеги чуңкурга көмүлгөн автоунаа табылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, бул автоунаа жерге 3 жыл мурун, 2015-жылы апрелде көмүлүп, кармалган кылмышка шектүүлөрдүн көрсөтмөсү боюнча азыр казылып алынган. УКМКнын контртеррористтик операцияларынын негизинде Эл аралык террористтик уюмдун жергиликтүү жашыруун ячейкасынын бети ачылган. Алар Сирия менен Иракта согушуп жатышкан идеялаштарын каржылык жактан колдоо максатында ок атуучу куралдарды пайдалануу менен Кыргызстандын аймагында колунда бар, бай адамдарга каршы “Ганимат” уюштурушкан.

Ири ганимат жасоо үчүн  Эл аралык террористтик уюмдун жергиликтүү жашыруун ячейкасынын лидерлери чоң суммадагы акчаларды жөнөтүү жолдорун узак убакыт иликтеп, маалымат жыйнап, андан кийин гана ок атуучу куралдарды жана транспортту пайдалану менен кол салып, карактап кетип турушкан.

2015-жылы апрелде коңшу өлкөдөн аткезчилик жол менен алып келинген 1,3 млн доллардын ээлерине куралдуу кол салышып, акчасын карактап кетишкен. Ал эми карактоого пайдаланылган автоунааны ээн жерге, 3 метр тереңдикте көмүп салышкан. Бул факты боюнча Ош шаарынын тургунуна кылмыш иши козголду.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: