Катардагы кызматкерлер айына 15 миң сомго чейин, ал эми офицердик курам 22миң сомго чейин айлык акы ала алышат. Бул тууралуу бүгүн 24-октябрда маалымат жыйын учурунда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.
Азыркы учурда КРнын Каржы министрлигинин маалыматына ылайык кенже составдагы кызматкерлердин айлык акысы 7-12миң сомго жетет, офицерлердики 12-17 миң сомду түзөт.
Анын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасын 40%га көтөрүүнү парламент биринчи окууда жактырган.
“Эгерде мыйзам долбоор 3 окуудан тең өтсө, ал күчүнө 2020-жылдын 1-январынан тартып кирет. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасы, социалдык пакети, пенсиясы жогорулайт, бирок бир ар бир адамга жараша болот”-деп жыйынтыктады министр.
Эске салсак, Каржы министрлигинин маалыматына ылайык Кыргызстанда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасы жыл башынан бери 4,7%га көбөйгөн, жана орто эсеп менен 15,8 миң сомду түзгөн.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ