Menu

Кыргызстан коррупция жогорку деңгээлде өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирди

Бөлүшүү:

Кыргызстан эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кирди.

” Глобалдык аттандаштыкка туруктуулук жөнүндөгү отчеттун” алкагында Дүйнөлүк Экономикалык Форум өзүнүн жыл сайын жарыялоочу  коррупциялык индексти жарыялаган. Бул тууралуу ДЭФтин расмий сайтында жазылган.

ДЭФ белгилегендей, Transparency International уюму коррупцияны кабыл алуу методологиясын колдонуп,  дүйнөнүн 140 мамлекетиндеги коррупциянын деңгээлин 1ден 100 чейинки көрсөткүчтө изилдеп чыккан.

Ал жерде 100 деген көрсөткүч коррупция жок дегенди, ал эми 0 деген көрсөткүч өлкөдө коррупция өөрчугөнүн билдирет. Эң коррупцияланган өлкө болуп 30дан ылдыйкы көрсөткүчтү алган мамлекет саналат.

Кыргызстан аталган индексде 29 балл алып, коррупция жогорку деңгээлде өнүккөн 32 мамлекеттин катарына кирген.

Жакынкы коңшулардан бул тизмеге Украина (30 балл), Орусия (29 балл), Тажикистан (21балл) кирген, Түркмөнстан, Өзбекстан, Беларусь, Индексде көрсөтүлгөн эмес.

ДЭФтин маалыматы боюнча эң жогорку деңгээлде коррупцияга аралашкан өлкөлөрдүн катарына Африкада, Борбордук Америкада, Жакынкы Чыгышта, укуктук жана өкмөттүк системалары начар өнүккөн, негизинен калкы жакырчылыкта жашаган мамлекеттер кирет.

Кыргызчалаган: KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: