Menu

Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Бөлүшүү:

Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу маркумдун баласы Акай Салянов билдирди.

Белгилүү болгондой, соттук отурум бүгүн, 24-октябрга белгиленген. Бирок соттун ооруп калганына байланыштуу соттук кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Кийин анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э. О. аттуу тургуну кармалган. Анын көрсөтмөлөрү боюнча дагы 2 кылмышка шектүүлөр камакка алынган.

Улан Салянов үйүнүн фонунда

Төмөнкү сүрөттөгү 3 жаран Улан Саляновду өлтүрүшкөн деп шектелип кармалган кылмышка шектүүлөр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: