Мындан 8 жыл мурун 2010-жылы өлкөнүн түштүк аймагында орун алган улуттар аралык кандуу кагылышуу учурунда жоголгон 600дөн ашуун ок атуучу куралдардын жарымы табыла элек. Бул тууралуу бүгүн 24-октябрда ИИМ министри Кашкар Жунушалиев өткөргөн маалымат жыйында анын орун басары Мирлан Каниметов билдирди.
Анын айтымында дагы 370 ок атуучу курал-жарак табыла элек.
«Июнь окуясында 600дөн ашуун курал жоголгон. Учурда анын 370и табылбай жатат»,-деди Каниметов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ