Бүгүн, 24-октябрда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Нарын облусунда иш сапары менен болуп россиялык «Газпром» компаниясы курган Нарын шаарындагы жаңы спорт комплексинин ачылышына катышты. Ал бүгүн ачылган жаңы спорт комплексинде спорттук бийиктиктерди багынтып, өз Мекенин дүйнөлүк аренада даңазалаган спортчулар тарбияланып чыгышын каалады.
Салтанаттуу ачылыштан кийин президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн волейболчу экенин эске салып, колуна топ алып, волейболдогу топ чабуу боюнча мастер-класс көрсөттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ