Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда эки маанилүү маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Биринчиси, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу маселесине арналган өкмөттүк саат өтөт. Анда тиешелүү өкмөт мүчөлөрү катышып, баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп беришет.
Андан кийин отурумда 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине карата экономика тармактарын жана калкты даярдоо боюнча өкмөт кандай иштерди жасап жатканы тууралуу маалымат берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ