Menu

Никабга тыюу салууну БУУ адамдын укугун бузууга теңеди

Бөлүшүү:

Франция никаб салынгани аялдарга айыппул салганын Бириккен Улуттар Уюму  адамдын укугун бузуу деп атады.

Адам укуктарын коргоо  комитетинде никабга койгон тыюуну мусулман аялдардын дин эркиндигине шек келтирүү деп баалашты.

2016-жылы аталган комитетке жүзүн жапканы үчүн жоопкерчиликке тартылган эки жаран тарабынан арыз түшкөн.

2010-жылы Франция “Коомдук жайларда жү здү  жашыруучу буюм тагынбоо” тууралуу мыйзам кабыл алган.

Комитет коомдук жайларда никаб тагынууга жалпы тыюу салуу мусулмандардын укуктарын бузууга тең деген тыянак чыгарган. Франция болсо аталган кийимге тыюу салгандыгынын зарылчылыгын жетиштүү деңгээлде түшүндүрө алган эмес. “Коопсуздукту камсыздоо максатында” деген жооп комитетти канаатандырган эмес.

БУУда аталган чектөө өтө радикалдуу экендигин билдиришкен. Мамлекеттер керек учурда адамды идентификациялоо максатында жүзүн көрсөтүүнү талап кыла алышат. Эми Франция 180 күндүн ичинде БУУга отчет берип, жабыркагандарга компенсация төлөп берүүсү керек.

Кыргызчалаган:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: