Menu

Кыйындар деле жапшырылып калат

Бөлүшүү:

Тилдин сөөгү жок болгондуктан ар ким бир эле окуяны өзүнүн түшүнүгүнө салып айхайлатат. Бир жыл мурда эле Икрамжан Илмияновдун турган турпаты зыңк болчу, же калппы? Ышкырган сайын алдына тизе бүгүп “ляппай” деп тапшырмасын заматта аткарууга даяр тургандар ого эле арбын эмес беле? Абдан түйүндүү маселелерди ал кийлигишпесе чечилбесин деле чала-була кулагын ошол кезде салып жүргөндөр жокко чыгарбаса керек. Бирок, өзгөрүлмөлүү заманда көзүн тостойтуп туруп танып кетиши кеп эмес азыркы катаал учурда. Акыйкатта терисин кырдаалга жараша боеп алууга умтулган шылуундардын доораны келди. Көздү будамайлоо боюнча ошолор эч кимди алдына салбайт.

Ооба, шопурдан үлкөн саясатчыга айланган Икрамжандын чулдуктары төө кушка айланды, бечелдери бийликти башкарууга өттү. “Шефтин тапшырмасы”- деген бир ооз сөз аркылуу далай көмүскө иштерди кыймылга келтирди. Түштүк тарапта эле эмес борбор жакта деле Илмияновдун “хоп акелери” жайнап кетти. Анткени анын сапар алган жолуна бирөө да тоскоолдук кыла алчу эмес. Ошол эле Раим Матраимовдун “локомотиви” ушул киши экенин өзү оозанган жайы бар. Парламентте отурган депутаттардын көбү, кызматтагылардын бир тобу ушул билермандын киришүүсү аркылуу жылуу ордун табышкан. Майлуу жерлердин каймагын шыпырып алып, анан батасын берип жайдак кое бергени боюнча легендаларды мына эми токуп беришет. Себеби, анын колуна кишен салынды. Антпесе бири да лам деп үн чыгармак эмес.

Алсызды белге тепмейди биздин эпчилдер куп үйрөндү. Жүз миңди берсе эми анысын миллионго айландырып чуу көтөргөн “азаматтар” чыгаарына толук кепилдик бар. Сүйлөсө илебине токоч чала бышкан эки жүздүүлөрдүн арааны ачылып, салыштырма “жаргондору” чачылып кетээрине деле шек жок. Сур замандын “каракчысы” кылууга албууттангандар убагында Икрамдын кабинетине кире албай жүргөндөрүн эстеп коюшса ашыкча болбойт эле. Тилекке каршы капастагы кишинин үрөйүн учурууга гана кызыктар болору белгилүү.

Мурда бийликтин даамына жетпей жүргөн шопурдун жасаган кылыктарынын айрымдарын “шефи” деле билбей калгандыр? Кошоматчылыктын күңгөй менен тескейин улаштырып алгандар бутуна төшөлө берип Икрамжанды чоң төбөлгө айландырып жиберишкени ырас. Негизи ак үйдүн берген жыргалынан сырткары азабы да болорун Илмияновдун таржымалынан билдик. Ошентсе да бийликтин чылбырын кармагандар мындай салыштырмаларды тез эле эсинен чыгарып жиберишээри маалым. Түштөн кийин эле кокуйлап калышат, атаңдын көрү. Баса, дагы бир бүйүр кызыткан кеп бар. Илгертен бери карай Атамбаевдин жанында келаткан Илмиянов ушул кезге чейин кожоюнун саткан эмес. Бул ирет деле мурдагы сапатынан кайтпастан оорчулукка чыдап берет десек болор бекен? Же өз көмөчүнө күл тартууга жол береби? Эмнеси болсо да чаташкан көз караштар жаралганы бекерден эместир? Анткени шопурдан бийиктикке секирик жасап “серый кардинал” атка конуунун өзү татаал баш катырма экени талашсыз.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: