Menu

Депутат Тазабек Икрамов: “Кар оор жааганга чейин отура беребизби?”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Тазабек Икрамов Бишкек-Ош унаа жолунда биринчи кар жааганда эле маселе жаралганын айтты.

“Кар оор жааганга чейин отура беребизби? Эксперттер быйылкы кыш оор жана узак болот деп божомолдоп жатышат. Былтыр Бишкек ЖЭБи иштен чыгып, өкмөттүн даярдыгы кандай экенин билдик. Ош жана Бишкек шаарларынын кышка даярдыгын өзүнчө маселе катары угушубуз керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин да маалыматын угалы.” – деди депутат.

Бүгүн, 25-октябрда парламент жыйынында өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу талкуу жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: