Ош облусунда өзүнүн 8 жашар кызын зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу облусттук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-октябрда милицияга бир жаран тарабынан арыз түшкөн. Анда аял жолдошу аны сабап, 8 жаштагы кызына сексуалдык мүнөздөгү иштерди кылган деп жазылган. Шектүү күнөөсүн моюндаган эмес, аны жубайы өч алуу максатында жалаа жаап жатканын билдирген.
Азырынча кылмыш иши козголо элек, укук коргоо кызматкерлери зордуктоо боюнча сот-медициналык экспетизанын жыйынтыгын күтүп жатышат. Жабыркаган кыз менен психологдор иш алып барууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ