Menu

Сергей Слесарев, адвокат: Икрамжан Илмияновду кармоодо анын укуктары бузулган, кыргыз тарап аны экстрадициялоо тууралуу сураныч жөнөтпөсө деле Орусия аны экстрадициялап салган

Бөлүшүү:

Икрамжан Илмияновду камакка алууда КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин бир топ нормалары орой бузулган. Бул тууралуу бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун коргоочусу Сергей Слесарев билдирди. Ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун анын кардарын камакка алуу боюнча чечимин жокко чыгаруу үчүн жогорку инстанциядагы сотко кайрылганын билдирди.

Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновго карата кылмыш иши 28-сентябрда козголгон, бирок тергөө иштери өткөрүлгөн эмес. Ага карабай Илмияновду сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгып, ал издөөгө жарыяланган.

“Ал кандай негизде издөөгө жарыяланды?  Укук коргоочулардан жашынмак турмай, жадагалса ага мындай айып тагылып жатканын ал өзү билген дагы эмес. Ооба, жайында ал өлкөдөн чыгып кеткен, бирок ал учурда ага эч кандай иш козголгон эмес, жана ал Кыргызстанда жана анын сыртында эркин жүрүүгө укуктуу болчу,”- деди Сергей Слесарев.

“Кыргыз тарап Орусияга аны Кыргызстанга экстрадациялоо тууралуу сураныч жөнөткөн  эмес, анан кандай негизде Орусия аны экстрадициялады, демек менин кардарым кармалганда жалгыз эле анын укуктары эмес, эл аралык нормалар дагы бузулган”

Икрамжан Илмиянов Биринчи май райондук сотунун чечими менен 28-ноябрга чейин Убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага алдамчылык боюнча айып тагылган. Тергөөнүн версиясы боюнча ал бир бизнесменден 150 миң доллар пара алган.

Экс-кеңешчини 19-октябрда Казан шаарында УКМКнын кызматкерлери тарабынан ФСБнын кызматкерлеринин жардамы менен кармашкан.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: