Menu

Жеп-ичип, жыргап, шектелип калган экстерден омоктуу пикир чыгабы?

Бөлүшүү:

Бийликтин деле айласы куруп бараткандай. Болбосо жеп, ичип, жыргап, ал тургай шектелип калган экстердин акылына суусамак беле? Ошол эле И. Чудиновдон, К.Жумалиевден, А. Жекшенкуловдон, А.Келдибековдон, А. Матубраимовдон, М. Чолпонбаевден омоктуу сунуш түшүшү мүмкүнбү? Ошолордун ашып-ташкан реалдуу сунушу бар болсо жалпы калайык билет эле го? Ушундай маанилүү программасы жок үчүн убагында өлкөнүн алгалоосуна салымын кошо алышпай койгон эмеспи?

Ушул тапта президенттин кеңешчилери кимдер, эмне деген өнүктүрүүчү иш-чараларды жасоого үгүттөп жатат деген суроолор көкүрөктө турат сакталып. Ошондуктан т-ээ мурдагы төбөлдөрдөн көмөк күтпөй башында мээси, жүрөгүндө жалы, каруусу казык, каны элине азык болчу билимдүү, позитивдүү мыктылар менен алака түзсө миң эсе майнаптуу болмок. Тигини кантип каматыш керек дебей, акчанын эмес акылдын таймашын уюштура билген бийликтин гана ооматы артат. Албетте, иштин көзүн билген, колу, жолу таза кадрлар бар, бирок алар милтеге илинбей жатпайбы, иттики десе. Өз үйүрдөн эле кадр издей беришсе алыска чуркай алышпайт. Демек, мезгил талабын аткарууга көңүлдү буруу кажет.

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: