Menu

Кыргыз элинин улуттук бут кийимдери

Бөлүшүү:

Бирок балтырдан ылдый сыйгалана бербеши үчүн үстүнөн тасма менен ороп алышкан. Таманы жука болгондуктан тез эле жыртылып калып турган. Суу тийген учурда сууну өткөрүп жиберген, ийленбегендиктен жыт дагы чыккан. Буттан чечип алуу дагы кыйынчылыкка туудурган. Себеби күнгө кийилген өтүктөр ысыктан таарыган. Ошондуктан жылкынын майы менен майлап койгон учурларда кездешкен. Мындай бут кийимдер бир айга жеткен . Ошондуктан тез-тез чарык жасап кийгенге мажбур болушкан.

Чарыктын дагы бир түрү, териден буттун таманынан ашыкча өлчөп, жээктерин жогору карай кайрып, боо менен тартып алышат. Өтө жөнөкөй жол менен жасалгандыктан көзгө комсо жана жупуну көрүнгөн. Ошол үчүн бул чарыкты эчкинин, коендун терисинен дагы жасап алышкан. «Коендун териси бир күндүк чарыкка жараптыр», – деп кыргыз макалдарында айтылгандай, бир күндүк чарыктар дагы тигилген.

Чокойдун дагы бир түрү мөкү деп аталып, анын айырмачылыгы учу кайкайып жогору карап турган. Кыргыздарда бут кийимдин аты менен аталган ысымдар да көп кездешкен. Алсак: Чокой, Чарык, Мөкүш, Мөкүбай, Мөкү деген аттар тарыхта көп кездешет.

Кыргыз элинде: «Бирөөнүн элинин султаны болгончо, өзүңдүн элиңдин ултаңы бол», – деп айтылган макал, андан сырткары эпостордо: «Өзгөгө султан болгуча, Өз элимдин колунда, Ултаң болуп өтөйүн!», – деген «ултаң» кошулган сөздөр айтылат. Көрс, «ултаң» деп өтүктүн таманы айтылган экен. Андан сырткары, «ултаң бет» түшүнүксүз, уятсыз, абийирсиз (бети өтүктүн, чокойдун таманы маанисинде) деген маанини билдирген.

Салыштырмалуу окшоштуктарга токтолуп өтсөк, В.Я.Бутанаев өз эмгегинде: «Саян-Алтайлык түрктөр жайкысын териден жасалган бут кийимдерди, ал эми кышкысын түктүү териден жасалган өтүктөрдү кийишкен. Бут кийим хонгор, тува жана алтай тилдеринде «одик» жана «маймак» деп аталат. Биринчи жазылган сөз байыркы түрктөрдүн «etik», «etuk» деген сөзүнөн келип чыккан. Бул териден жасалган жумшак өтүк дегенди түшүндүргөн. Экинчиси, азыркы мезгилдеги түрк тилдерде сүйлөгөн элдерде окшош сөздөр кездешет. Алсак, кыргыздарда «байпак» – жүндөн жасалган, казахтарда «байпак» – кийизден жасалган бут кийимдерди аташкан.

Ысык күндөрү эркектер кендирден жасалган «нынгмах» (нынгмах маймах) деп аталган өтүктөрдү кийишкен. Анын таманы бодо малдын ийленген терисинен, такасы жок, жумшак жасалса, кончу кендир кездемеден тигилген. Кончу бой токтотуп тура албагандыктан, сыртынан «поос» деп аталган боолор менен таңып алышкан. Чулгоонун ордуна «азанат» деп аталган кургаган чөптөрдү пайдаланышкан.

«Жайында кийген өтүктүн дагы бир түрү «сагиры» (сагыр маймах) деп аталган. Мындай аталып калышы жылкынын үч кошконунан («сагыр») жасалган. Үч кошкон теринин башка жерлерине салыштырмалуу калың болгондуктан ушундай ат беришкен», деп бут кийим, анын аталыштары, жасалыштары тууралуу кенен маалымат бери өтөт. Алардын өтүктөрүнүн жасалыштарында жана аталыштарында гана азыраак айырмачылыктар болгону менен жалпы окшоштуктар бар экендиги байкалат. Алсак, көчмөн элдердин бардыгы эле малдын терисинин кайсыл жерлери калың болоорун, аны эмнелерге жумшаш керек экендигин, кандай бут кийимдер жасалышы ылайык, жакшы түшүнүшкөн.

Бут кийимдер аймактык өзгөчөлүктөргө, элдин жайгашуусуна жана этно-маданий байланыштарга жараша дагы жаңыланып, өзгөрүп турган. Алсак, Кыргызстандын түштүк аймагында эркектер күнүмдүк турмуш-тиричилигине кийген пайчеки бут кийимин пайдаланышкандыгы белгилүү. Ал ийленген уйдун терисинен жасалган, таманы эки-үч кабатталгандыктан калың көрүнгөн жана кончу тизеге чейин жетип турган. Тамандын калың жасалып, көпкө чыдаган. Мындай окшош жасалган бут кийимдерди туркмен элдери дагы пайдаланышкандыгын өзбек, түркмен элдеринин кийимдери боюнча адис, этнограф А.С.Морозова өзүнүн эмгектеринде белгилеп кеткен.

XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап, орус келгиндеринин көбөйүшү, коомдук-саясий абалдын өзгөрүшү, кыргыз аймактарынын Россиянын курамына өтө башташы менен салттуу бут кийимдерди жасоодо, колдонууда кескин өзгөрүүлөр башталган. Кыргыздар Россиянын завод-фабрикаларынан даярдалган булгаарыларды, бут кийимдерди сатып алып пайдалана башташкан. Албетте өндүрүштөн чыккан бут кийимдердин келиши, элге тарашы кыргыз элинин жашоосун жеңилдеткен. Бут кийимге болгон талап азда болсо азайган. Себеби жогоруда айтылгандай сапаттуу бут кийимдер менен колунда бар адамдар гана камсыз болуп, ал эми коомдун үчтөн эки бөлүгү чынында эле иштетилбеген, чылгыйдан жасалган чокой, чарык, кепич, көлөч, мөкүлөрдү кийишкен. Бирок жергиликтүү усталар жогорку деңгээлдеги сапаттуу, кооз бут кийимдерди чигиримден, булгаарыдан, көндөн жасашкан. Бул өтүктөрдүн үлгүсү сакталбагандыгы, тарыхый булактарга сүрөттөлүп түшпөй калгандыгы өтө өкүнүчтүү.

Кыргыздар жогорудагы аталган өтүктөрдүн, бут кийимдердин бардыгын тең кеп жыгачтын жардамы менен жасашкан. Бут кийимдерин ултарууда кеп катары, үлгү катары колдонушкан. Усталар аны арчадан, кара жыгачтан, кайыңдан бут түспөлүндө сыйдалап, жасап алышкан. Ал кийүүчү буттун көлөмүнө жараша ар кандай өлчөмдө жонулуп даярдалган. Жасай турган бут кийимдин кайышын алгач бычып алгандан кийин, таманын жаткырып, ага каптал бөлүктөрүн тарамыш менен ултарып, эки тамандык кайыштын ортосуна жыгачтан жасалган тамандын үлгүсү жаткырып, жыгач мык менен кагып, кайра таман жаткырып, желимдеп коюшкан. Бут кийимди мындай жасоонун ыкмасы бүгүнкү күндө деле сакталып келе жатат. Болгону курал-жарактар жана даяр терини иштеткендиги менен айырмаланып турат.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз эли, кыргыз усталары бут кийимдердин бир нече түрүн: кончтуу, кончсуз, такалуу, такасыз, наар түшүрүлгөн, нөкөрлөнгөн, алтын-күмүш жаткырылган, коңгуроолуу (жылаажындуу) бут кийимдерди жасап келишкендиги оозеки элдик чыгармаларда так жана таасын белгиленген. Мал чарба-чылыкка, аймактык өзгөчөлүктөргө ылайыктуу салттуу бут кийимдерди жасоонун мыкты үлгүлөрүн өздөштүрүшкөн.

Октябрь Капалбаев И.Арабаев атындагы КМУнун проф. м.а.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

46 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: