Menu

Саясат белесепет эместир?

Бөлүшүү:

Мамлекетте абал өзгөрөр замат чээнден чыккандар кумурскадай жайнап кетет. Тимеле балдан куру кала тургансып үймөлөктөшүп алышат капырлар.

Негизи жаңы бийликтин билиги чоңойгон сайын ошол жарыктан жылуулук алыш үчүн шайтан көпөлөктөй чарк айланып учкандар кайсы жерге биротоло конорун билбесе деле салпактап айлана беришет. Кээде канаттарына доо кетип ипичке буттарына оорчулук түшөт. Ага деле болбой улам ошол жарыкты байырлап конууга аракет кылат бечара.

Анын сыңарындай төңкөрүштүн амири менен капыстан депутаттык мандатты бешинчи чакырылышта алган Данияр Тербишалиевдин чыпалагы кыймылдай баштаптыр. Башкалардан өзгөчө болом деп ишке белесепет менен келген популисттин ишпалдасы 2015-жылы чыгып бүткөн. Анан эле жакындан бери Сагынбекти жандап шалдырагын шаңыраңдата тызылдап чуркап жүрөт. Ал тургай кырылдап калган тамагын күүгө келтирип, келтейген мурдун бышкыртып бирөөлөргө сөөмөй көрсөтө калганы күлкүңдү гана келтирет да. Эми аны коштогондор деле жыргап кеткендер эмес. Батиңкесинин боосу жерге сүйрөлүп бүткөндөр. Алда катыгүн айа,  деги Кудайдын ичи кенен турбайбы, ушуларды кучагына батырган.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: