Menu

Депутат Ормонов Улугбек: “Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча кандай иш-чаралар бар?”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Ормонов Улугбек мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча сөз козгоду.

“Өкмөткө “Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча кандай иш-чаралар бар?” деген кат жаздым эле. Түшүнүксүз жооп алдым. Деги эле мамлекеттик мүлктү башкаруу кимдин колунда? Кантип башкарып жатышат? Ысык-Көлдүн жээгинде улутташтырылган, мамлекеттин менчигине өткөн пансионаттар бар. Алардын кирешеси канча? Кимдер көзөмөлдөйт? Ушул суроолор боюнча иш алып барсаңыздар. Мындан тышкары мүлк фондунун жетекчилигинин кызмат орду боюнча дагы карасаңыздар.” – деди депутат.

Учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине талапкер Улукбек Кочкоров менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Азамат Жаманкуловго суроолор берилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: