Menu

Фото-Суусамырда жүргүнчүлөрдү тапанча менен коркутуп 35 миң сомун алып кеткендер кармалды

Бөлүшүү:

Бүгүн 25-октябрга караган түнү Суусамырда унааны токтотуп, ичиндегилерди тапанча менен коркутуп 35 миң сомун алып кеткен жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Суусамырда “Honda Fit” унаасы менен белгисиз 3 киши Бишкектен Ошту көздөй бараткан унааны токтотуп, ичиндеги 4 жүргүнчүнү тапанча менен коркутуп, 35 миң сом акчасын алып кеткен. Тоноого дуушар болгон жарандар милицияга кайрылышкан. Ошол замат жарыяланган “Перехват” планынын негизинде кылмышка шектүүлөр Кара-Балта шаарындагы “Сосновка” постунан таңкы саат 04:00 чамасында колго түшүрүлгөн. Текшерүү учурунда шектүүлөрдүн унаасынан тапанча табылып, алар Талас облусунун тургундары экендиги аныкталган. Кармалгандар Жайыл РИИБине алынып келип, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: Кyrgyztoday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: