Menu

Депутат Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын калкынын санын 10 миллионго жеткирүүгө үндөдү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин жыйынында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лилдери Бакыт Төрөбаев урбанизация маселесин көтөрдү.

«Президент тарабынан жарыяланган административдик-аймактык реформанын алкагында урбанизация маселесин карап чыгууну өтүнөм. Шаарлардын ролун жогорулатып, калктын санын көбөйтүү керек», — деп билдирди депутат. Кара-Балта, Жалал-Абад сыяктуу шаарлардагы калктын саны кеминде 300 миң болушу керектигин белгилеген эл өкүлү бул үчүн анда заманбап спорт комплекстерин, театрларды, университеттерди жана соода борборлорун курууну сунуштады.

Төрөбаев экономиканы өнүктүрүү үчүн өлкө калкын 10 миллионго чейин көбөйтүү керек деп эсептейт. Чечимдердин бири катары ал жаңы төрөлгөн балдарга депозиттерди ачууну сунуштады. «18 жашка чыкканда аларда ипотека алууга, окуу акысын төлөөгө же бизнес ачууга акчалары болот», – деди парламентарий.

2017-жылдагы расмий маалыматтар боюнча Кыргызстан калкынын саны 6,2 миллионго жеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: