Menu

Зиядин Жамалдинов, депутат: Икрамдын кармалышы туура эле болду

Бөлүшүү:

– Зиядин мырза, түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулушу башталарда «жол курууга сырттан дагы карыз алабызбы? Бул жолдун бизге кереги жок» деп биринчи болуп каршы чыккансыз. Ошого карабай, жолдун курулушун алгач 800 млн. долларга баалап, кийин кайра сумма көбөйтүлдү. Жол дагы деле бүтө элек. Алынган карыздарды актай алчудай курулуп жатабы?

– Түндүк-түштүк альтернативдик жолу боюнча көп маселелерди көтөрүп жүрөм. Болгону, 433 чакырым жол курулуп жатат. Ал эми акчасы кымбат. Мындайча айтканда, 1 млрд. долларга жакын акча ошол жолго эле сарпталып жатат. Мынча сумма сарпталган жол төрт тилкелүү болушу керек эле. Андай эмес, эки эле тилкелүү, кээ бир жерлери эле төрт тилкелүү экен. Азырынча түндүк менен түштүктү байланыштырган Бишкек-Ош жолу бар. Бул кан жолдо күн сайын жол кырсыктары болуп, канча өмүрлөр кыйылууда. Анткени, ал жол тар. «Түндүк менен түштүктү байланыштырган экинчи жол керек» деп мунусун баштап, оңбогондой көп каражат сарптап, 1 чакырымын 2 млн. долларга куруп жаткандан кийин, сапаттуу, кенен жол курсак болбойт беле? Бальпсчы-Корумду жолу төрт тилкелүү болуп курулуп жатат. Менимче, 1 чакырымына 800 миңдоллар сарпталууда. Кара-Балта-Бишкек жолу дагы төрт тилкелүү. Анын чакырымы болжол менен 700-800 миң доллардан айпанып жатат. А түндүк-түштүккө эмнеге анча көп акча кетип жатканы мага түшүнүксүз.

– «Каражат көп кетип жатат, сапаты талапка жооп береби?» деп депутаттык иликтөө жүргүзүп, же суроо салып, кызыгып көргөн жоксуздарбы?

– Парламент жайкы эс апууга чыгардын алдында Жогорку Кеңепггин транспорт комитети комиссия түзүп, текшерүү баштамакчы болушкан. Ошол комиссиянын ишинин жыйыктыгы кандай болду, же ишти алып бара албай тараштыбы, же аягына чыкпай калдыбы, билбейм. Бул маселени дагы көтөрөйүн деген оюм бар.

– Транспорт министрлиги айрым жолдорду акы төлөнүүчү кылабыз деп жатышат, бул туурабы?

– Азыр Кыргызстандын ички карызы 4 млрд. доллардан ашык. Көпчүлүгү жолго жана энергетика тармагына кеткен акчалар. Эгерде жолдорду акча төлөй турган кылсак, анда туура болот. Себеби, бардык жолдорубуз оңдолуп жатат. Эртең кайра талкаланса, бюджеттен кайра каражат бөлүш керек болот. Акы төлөнчү жолдордон түшкөн акча кайра эле жолду оңдоого коротулушу, өз чыгымын өзү жапкандай болуш керек. Министрлик бул жагынан туура кадамга барганы жатат деп ойлойм.

– Төлөм кантип өлчөнөт, кайсы жолдор акы төлөнүүчү болуш керек?

-Мисалы, Бишкектин четиндеги айланма жол Кеминге чейин барат. Бул жагы Токмоктон кошулат. Демек, чыгышты көздөй кеткен эки жол бар. Эки жолдун бирин акы төлөнүүчү жол кылса болот. Эгер бир багытка бир эле жол кетсе, андан акы алганга болбойт. Элге оор болот анда. Ошондой эле түндүк-түштүк альтернативалык жолу курулуп жатат. Бүтсө, аны дагы акы төлөнүүчү жол кылыш керек. «Кыска, сапаттуу жол менен жүрөм» дегендер жаңы жол менен, «акча төлөбөйм» дегендер эски жол менен жүрө берет. Бийлик элге варианттарды тандап алуусуна шарт түзүп берүү керек. Ал эми төлөм кантип өлчөнөрүн министрлик азырынча аныктай элегин айтты. План иштеп чыгып, парламенкте сунушташат, анан көрөбүз.

– Кезинде түштүктө кадр саясатын ка-чаган Икрам Илмияновдун алдамчылыкка шектелип кармалышы боюнча оюңуз кандай?

– Анын кармалышы тууралуу интернетте ар кандай маалыматтар чыгып жатат. Башында «коррупция боюнча иш козголот экен» дешкен. Бирок, кармалып келгенден кийин алдамчылыкта айыпталууда. Азыр тергөө жүрүп жатат. Канчалык күнөөсү бар экенин сот органдары аныктайт. Бирок, кармалышы туура эле болду деп ойлойм. Шектүү адам кармалат, камалат, суралат. Күнөөсү далилденбесе, коё берилет. Бирок, Илмиянов тууралуу коомчулукта көп сөздөр айтылып келет. «Атамбаевдин алты жылдык бийлигинин тушунда көп иштердин башында турган» дешет. Күтөбүз, жыйынтыгын чогуу көрөбүз.

– «Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын тизмесин түзүүдө Илмиянов фамилияларды Атамбаевге сунуштаган» деген маалымат тарады. Ошондой болушу мүмкүнбү?

– Андай болушу мүмкүн эмес. Андай болсо, менин да тизмеге киришимди Илмиянов чечкен болуп калмак беле? Андай эмес. Биздин партия тизмени өзү түзгөн. Эч кимдин кийлигишүүсү болгон эмес экенине ишенем.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: