Menu

КСДПнын расмий өкүлү Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгарууну колдоп жаткандарды “саткындар” деп атады

Бөлүшүү:

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун “Экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиянын жетекчилигинен алуу жана партиянын катарынан чыгаруу” урааны менен чыккан “Атамбаевсиз КСДП” кыймылын колдой тургандыгы боюнча жасаган билдирүүсүнө карата өзүнүн пикирин билдирди.

Кундуз Жолдубаеванын айтымында, азыркы учурдагы партиянын ичинде болуп жаткан иштердин баары анын ичинде саткындар жана эки жүздүүлөр ар дайым болгондугу жөнүндө кабар берет.

“КСДПнын ичинен бөлүнүп-жарылуусуна кызыктар болгон айрым күчтөр бар. Бирок алар эч нерсе жасай алышпайт, колунан эч нерсе келбейт. Партия тескеринче күчтөнөт”,- деп ишендирет Жолдубаева.

Кундуз Жолдубаева ошондой эле КСДП өзүнүн 25 жылдык тарыхында тазалануу, жаңылануудан өтүп, саткынчылыкты  башынан өткөрүшү биринчи жолу эмес деп кошумчалаган.

Буга чейин “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов Иса Өмүркулов менен жоолугуп, андан колдоо тапканын билдирип, жолугушуунун сүрөттөрүн жарыялаган. Анын айтымында, КСДП фракциясынын лидери Бишкекте партиянын кезексиз съездин өткөрүп, анда Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу ниетин колдогон

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: